Орусияда иштеген кыргызстандык тренердин өлүмү териштириле баштады
Кемерево облусундагы фитнес-клубдардын биринде тренер болуп иштеген кыргызстандык жигиттин өлүмүнүн чоо-жайы териштирилип жатат.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлү Гүлбарчын Байымбетова учурда адистерге тапшырма берилгенин билдирди.
2-октябрда маалымат каражаттары Ленинск-Кузнецк шаарындагы кафелердин биринде болгон жаңжалда кыргызстандык 25 жаштагы жигит жабыркап, ооруканада каза тапканын жазышкан.
Кыргызстандык жигиттин өлүмүнө шек саналып кармалган адам жаңжал учурунда мас болгону айтылууда. Анын жарандыгы тууралуу маалымат жок. Ишти Орусиянын Ички иштер министрлигинин Кемерево облустук башкармалыгы иликтеп жатат.
Маркумдун туугандары сөөктү кичи мекенине жөнөтүү үчүн акча топтоп жатышат. (SE)