Орусия: Ирандын Москвадагы элчиси ТИМге чакыртылды
Тегеранда орус журналисти Юлия Юзиктин кармалышына байланыштуу Ирандын Москвадагы элчиси Тышкы иштер министрлигине «орус жаранынын укуктарын коргоо жана кырдаалдын чоо-жайын тактоо үчүн» чакыртылды. Ирандагы Орусиянын элчилиги журналисттин кармалышына байланышкан маселелер менен алек болуп жатканын билдирди.
"РИА Новости" агенттиги кабарлагандай, Ирандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Аббас Мусави Юзик «түшүндүрмө берүү үчүн» кармалганын жана жакын арада бошотуларын айткан. Ал кошумча маалымат берген эмес.
Мурдараак Юзиктин кызы «Фейсбуктагы» баракчасына 5-октябрда өтө турган сотто энесинин «тагдыры чечилерин» жазган.
Юзиктин мурунку күйөөсү, журналист Борис Войцеховский Юлия бир канча жыл мурун Тегеранда кабарчы болуп иштегенин, чакыруу менен жакында кайра барганын билдирди.
Войцеховский журналисти Ислам революциясынын сакчылар корпусунун кызматкерлери 3-октябрда конок үйүнөн кармап кетишкенин кошумчалады.
Юлия Юзик - жанкечти аялдардын тагдырын, Беслан трагедиясын баяндаган китептердин автору. 2016-жылы Мамлекеттик Думага депутаттыкка да ат салышкан.
Иран менен Орусия өнөктөш мамлекеттер болгондуктан, орусиялык журналисттин кармалышы адаттан тыш окуя катары мүнөздөлүүдө.