Түндүк Корея: АКШ менен сүйлөшүү ийгиликсиз аяктады
АКШ менен Түндүк Кореянын өзөктүк куралдан арылуу боюнча сүйлөшүүсү жыйынтыксыз аяктады. Бул тууралуу Түндүк Кореянын делегациясынын башчысы Ким Мёнг Гил кабарлады.
Сүйлөшүүлөр 5-октябрда Швециянын борбору Стокгольмдо өттү. Түндүк кореялык тарап сүйлөшүүлөр расмий аяктай электе эле чыгып кетти. “Сүйлөшүүлөр биздин үмүттөрүбүздү актаган жок жана аягында үзгүлтүккө учурап калды”,-деди Ким Мёнг Гил журналисттерге. Анын айтымында, АКШнын өкүлдөрү жолугушууга “куру кол келишкен”.
АКШнын Мамлекеттик департаменти Пхеньяндын “сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурады” деген бекемдөөсү сегиз сааттык сүйлөшүүнүн мазмунун чагылдырбай турганын билдирди.
“Корей жарым аралындагы 70 жылдык согуштан кийинки мурасты АКШ менен Түндүк Корея бир күндө эле чечип коё албайт” деп эсептейт мамдепартаменттин өкүлү Морган Ортагус. Ал ошондой эле америкалык дипломаттар талкуу үчүн бир нече идея сунуштаганын да кошумчалады.
Стокгольмдогу жолугушуу 2019-жылдын февралында Ханой шаарындагы саммиттен кийинки биринчи сүйлөшүү болуп калды. Жыл башындагы кездешүүдө Түндүк Кореянын өзөктүк программасын толугу менен токтотуу жана ал ишке ашса АКШнын Пхеньянга карата бардык санкцияларын алып салуу талкууланган. Тараптар анда бир пикирге келе алган эмес жана АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын биргелешкен декларацияга кол койгон эмес. (ErN)