Чолпонбаев: Бардык көйгөйдүн башаты башкарууда
Жогорку Кеңештин 1-чакырылышынын мыйзам чыгаруу жыйынынын мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев Кыргызстан эгемендик алган күндөн бери аксап келе жаткан мамлекеттик башкаруунун негизги көйгөйлөрүн чечмелеп берди. Мукар Чолпонбаев мамлекеттик башкарууда кесипкөй жана эрктүү жетекчилердин таңкыстыгы улуттук кызыкчылыкты жетиштүү коргоого тоскоол болгонун айтып, эгемендиктин алгачкы жылдарындагы тажрыйбасыздыктын жана жүгүнүүчүлүк саясаттын кесепеттерин өлкө эмдигиче тартып келе жатканын белгиледи.