Түркиянын аскердик операциясынан кийин ондогон киши өлдү
Түрк армиясы басып кирген Сириянын түндүгүндөгү аймактарда өлгөндөрдүн саны өсүүдө, миңдеген күрддөр үйлөрүн таштап, жер которууда. Гуманитардык уюмдар качкындардын саны жүз миңдеген кишиге жетиши мүмкүн деп эскертишүүдө.
"Сирия обсерваториясы" укук коргоо уюмунун маалыматына караганда, 11-октябрда түрк аскерлери Рас аль-Айн жана Тел-Абияд шаарчаларынын айланасындагы 7 айылды басып алышты.
Британияда жайгашкан уюм операция башталган 9-октябрдан бери аз дегенде 10 карапайым киши жана күрддөр баштаган “Сириянын демократиялык күчтөрүнүн” 29 жоокери мерт болду. Түркия тараптагы сириялык бөлүктөр да жоготууларга учурап, 17 аскери каза тапты, - деп билдирди уюм.
Ал тапта Анкара бир аскери окко учканын, үчөө жаракат алганын, чек арадагы түркиялык шаарчалар аткыланганда кеминде 5 киши, арасында ымыркай өлгөнүн билдирди.
Түркиянын "Анадолу" агенттиги операция башталгандан бери 228 күрд согушкери жок кылынганын 10-октябрда билдирген.
Эл аралык коомчулук Анкарага кысым көргөзүп, жортуулун токтотууну талап кылууда.
Бейшембиде Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Сириянын түндүгүндөгү соңку жагдайды жабык талкуулады. Бирок кандайдыр бир чечим кабыл алынган жок. Анкараны айыптаган резолюцияга АКШ менен Орусия каршы чыгышты.
Ал эми Европа биримдиги эмки жумадагы саммитинде Түркияга санкция салуу маселесин карайт. Бул тууралуу Франциянын министри Амели де Моншалэн 11-октябрда билдирди.
Анкара чек арага жакын жердеги сириялык күрддөрдү бутага алган «Тынчтыктын булагы» аттуу аскердик операциясын 9-октябрда кечке жуук баштаган.
Түрк бийлиги операция сириялык качкындарды жайгаштыруу үчүн "коопсуз тилке" түзүүнү, ал жакты күрд согушкерлеринен тазалоону көздөй тургандыгын айтып келатат. Анкара аларды террорчу деп эсептейт.