Ооганстан Пешавардагы консулдугун жапканын билдирди
Ооганстан Пешавардагы консулдугун жапканын билдирди. Бул чечим Пакистан полициясынын ооган базарындагы рейдине нааразылык иретинде кабыл алынды.
Ооганстандын Исламабаддагы элчилиги Хайбер Пахтунхванын борбор шаарында болгон түнкү рейдди айыптады жана аймактык бийликти талаштуу маселеде бир тараптуу чечим кабыл алгандыгы үчүн сындады. «Ооганстандын желеги имараттан алынып салды», мындай жорук «дипломатиялык нормаларга сыйбайт», - деп белгиледи элчилик.
Кабул Пешавардагы консулдугуна жанаша орун алган базар Ооганстандын улуттук банкынын менчиги деп эсептейт. Бирок шаардын жогорку соту ушул аптада ал жер пакистандык жаран Шаукат Кашмириге таандык деген чечим чыгарып, аны бошотуп ээсине кайтарып берүүгө милдеттендирген.