Нурсултан Назарбаев Түрк кеңешинин ардактуу төрагасы болуп шайланды
Саммиттин бүгүнкү темасы чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүүгө арналды.
Жыйында Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев Түрк кеңешинин ардактуу төрагасы болуп шайланды жана Түрк дүйнөсүнүн Жогорку ордени менен сыйланды.
Өзбекстан кеңешке расмий мүчө болду. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жыйында сүйлөгөн сөзүндө өлкө келечегин чакан жана орто бизнести өнүктүрүүдөн көрө турганын айтып, уюм ичинде түз мамилелерди түзүү зарылдыгын жана инвестициялык фонд ачууга, ага шарт түзүүгө даяр экенин айтты.
Ал эми Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган АКШ долларынын жалпы экономикага таасирин азайтуу аракеттерин көрүүгө чакырды.
Азербайжандын борбору Баку шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин кезектеги саммити өтүп жатат.
Түрк кеңешин түзүү тууралуу келишим Азербайжандагы Нахчыван шаарында 10 жыл мурда түзүлгөн. (RK)