Чуулуу тыңчылардын башын кошкон той
"The New York Times" гезити Орусиянын Европада атайын операцияларды жүргүзгөн жашыруун аскердик бөлүгүн ашкере кылып койду. Ал эми «Азаттыктын» орус кызматы британ бийлиги киши ууландырууга айыптаган орусиялык Анатолий Чепиганын дал ушул жашыруун чалгынчылардын бөлүгүнө байланышын аныктады.