Элчилик Орусияда полиция кармаган эки кыргыз жараны боюнча маалымат берди
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги «эки кыргыз жараны Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан мыйзамсыз кармалууда» деген маалыматты четке какты.
Элчиликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Кыргызстандын эки жараны 1-октябрда жашаган ордуна байланыштуу жалган каттоо жасап, миграциялык мыйзамды бузганы үчүн Орусияда жоопко тартылышкан.
Алар административдик жазага карабастан, Орусиянын аймагында жашоосун мыйзамдаштырбай жүрө берип, Орусиядан чыгып кетүү тартибин сактабаганы үчүн 16-октябрда Москвадан кайра кармалышкан.
Эртеси күнү алардын иши сотто каралып, ага элчиликтин кызматкери катышкан. Жыйынтыгында сот кыргызстандыктарга айып пул салып, Орусиядан өз алдынча чыгып кетүү боюнча административдик жаза берген.
Сотто ал жарандар толугу менен өз күнөөсүн мойнга алган.
Буга чейин Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов Орусиянын Акыйкатчы институтуна кайрылып, Москвада полицияда эки кыргызстандык мыйзамсыз кармалып турганы, аларга укуктук жардам көрсөтүүнү суранып кат жөнөткөн. (BTo)