Ишкер Хуфур Абдурахеманды өлтүрүүгө шек саналып төрт киши кармалды
Ишкер Хуфур Абдурахеманды уурдоого жана өлтүрүүгө шек саналып төрт киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Шаардык милициянын маалыматы боюнча, кармалгандар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Шектүүлөрдүн көрсөтмөсүнүн негизинде Хуфур Абдурахемандын сөөгү Нарындын Кочкор районундагы автожолдон 150 метр ары жактан табылган. Анын сөөгү жерге 70-80 сантиметр тереңдикте көмүлгөн.
5-октябрда Хуфур Абдурахемандын тууганы агасы 4-октябрда ак түстөгү «BMW Х5» автоунаасы менен Бишкектеги «Мадина» базарынан чыгып кеткен бойдон табылбай жатканын айтып, арыз менен кайрылган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Адам уурдоо» беренеси менен катталган.
Милиция 18-октябрда ишкерди өлтүрүүгө байланыштуу төрт кишини кармады. Айрым массалык маалымат каражаттары күч органдарындагы жеке булактарына таянып, шектүүлөр Хуфур Абдурахемандын машинесин кара түскө боёп салганын, ишкер «Мадина» базарындагы «Мадина» кафесинин ээси болгонун жазышты. (BTo)