Кен казууга байланыштуу мушташ дээрлик бир айдан бери иликтенүүдө
Оштун Алай районунда кен казуучулар менен жергиликтүү тургундардын мушташы дээрлик бир айдан бери иликтенүүдө. Жыйырмадан ашуун адам аралашкан чырдан улам алты киши сурак берип жатат. Калгандары тергөөдө күбө катары өтүүдө.
Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев "Азаттыкка" билдиргендей, 28-сентябрда "Жол Мед Кен" ишканасынын 7-8 жумушчусу сары таш казып жаткан учурда Таш-Коро айылынын 25тей тургуну аларга каршылык көрсөтүшкөн. Ортодо мушташ чыгып, жашоочулар ишканага таандык бир чатырды өрттөп, бир КАМАЗдын жана казуучу транспорттордун айнектерин талкалашкан. Эки тараптан үчтөн адам жараат алган.
Жергиликтүү милиция Жазык кодексинин 266-беренеси ("Ээнбаштык") боюнча тергөөнү баштаган. Андан тышкары "Жол Мед Кен” ишканасынын ишмердиги Жоруктар жөнүндө кодекстин 113-беренеси ("Коммерциялык же бөлөк уюмда ыйгарым укуктарды кыянат пайдалануу") жана 115-беренеси ("Кен казуу, курулуш жумуштарынын, жарылуу коркунучу бар же бөлөк жумуштардын эрежелерин бузуу") менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Милиция аталган ишкана жергиликтүү компания экенин билдирди, бирок кимге таандык экенин айткан жок. (SE)