Төрөбаев: 9% босогону жоюу тууралуу сүйлөшүп жатам
Жогорку Кеңештин депутаты, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев депутаттар менен 9 пайыздык босогону жоюу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атканын айтты.
Бул тууралуу 23-октябрда "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" берүүсүндө билдирип, беш пайыздык босогону сунуштаганын, бирок ал өтпөй калганын белгиледи.
Парламенттик шайлоодо жеңип чыгуу үчүн добуш топтоо босогосу 2010-жылы беш пайыз болсо, 2015-жылы жетиге көтөрүлгөн. 2017-жылы чекти тогуз пайызга көтөргөн мыйзам долбоору кабыл алынып, ага ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Бул мыйзам 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Айрым депутаттар босого чегин кайра түшүрүүнү демилгелешип, колдоо таппай калган. Айрым саясатчылар муну бийликтин өзүмбилемдик саясаты катары баалап жатышат.
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев үч пайызга түшүрүү керетигин билдирген.
Кийинки парламенттик шайлоо 2020-жылы 4-октябрда өтөт. (SE)