Пакистанда сот абактагы экс-премьерди күрөөгө бошотту
Пакистандын соту мурдагы премьер-министр Наваз Шарифти саламаттыгына байланыштуу күрөөгө коё берди. 25-октябрда Лахордун Жогорку соту Шарифтин бир тууганынын кайрылуусун караган.
Соттун өкүлү "Франс Пресс" агенттигине маалымдагандай, мындай чечим догдурлар экс-премьер чукул медициналык жардамга муктаж болгонун бышыкташкан.
69 жаштагы Шариф коррупцияга айыпталып, жети жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жатат. 21-октябрда аны чукул ооруканага жеткиришкен.
Адвокат Аштар Аусафтын айтымында, Исламабаддын жогорку соту 29-октябрда дагы бир коррупциялык ишти карамайынча экс-премьерди бошотуу мүмкүн эмес.
Адвокат Лахордогу сотто Шарифтин канындагы тромбоциттер кескин азайып, абалы начарлаганын айтты. Буга Шариф ичип жаткан дарылар себеп болушу мүмкүн деп билдирди.
Үч жолу өкмөттү башкарган экс-премьер паракордук айыптоолорун четке кагып, ал иштердин артында "саясат турат" деп айтып келатат.