Эрмек: Нарынды дүйнөгө тааныткым келет
Эрмек Муканбетов туристтерге Нарын шаарын кол эмгеги аркылуу тааныткысы келет. Учурда анын колунан жаралган сувенирлер чакан дүкөндө сатылып жатат. Келечекте ал устаканасын чоңойтуп, өзгөчө боз үй жасоо кыялы менен жүрөт.