Баткенде иштен кетүү боюнча арыз жазган дарыгерлерди облус башчысы кабыл алды
Саламаттык сактоо министрлигинин Баткен облусу боюнча координатору Арзыбек Бөрүбеков жана облустук оорукананын жетекчилиги жумуштан кетүү тууралуу арыз жазган Баткен облустук ооруканасынын дарыгерлерине түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Министрликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, 30-октябрда дарыгерлер өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана облус башчысынын социалдык маселелер боюнча иш алып барган орун басарынын да кабыл алуусунда болду. Анда жумуштан кетерин билдирген оорукана кызматкерлери өз талаптарын айтышты.
Жолугушуунун жыйынтыгынан кийин облустук оорукананын дарыгерлери штаттык режимде иштеп, элге медициналык жардам көрсөтүп жатат.
Баткенде облустук оорукананын дарыгерлери жумуштан кетүү тууралуу арыз жазганын 30-октябрда «Азаттык» радиосуна кабарлашкан.
Алар арызында мындай кадамга барууга айлык маянанын аздыгы, иштөөгө шарттын жоктугу, милдеттүү медициналык камсыздандыруу мекемесинин жана башка органдардын негизсиз текшерүүлөрүнүн көптүгү сыяктуу ондон ашык себепти көрсөтүшкөн.
Ооруканада иштеген 52 медицина кызматкеринин 48и жумуштан кетүү боюнча арыз жазганына 30-октябрда бир апта болгону айтылган. (BTo)