Кыргызстанга кайтып келген он курсанттан коронавирус аныкталды
![Кыргызстанга кайтып келген он курсанттан коронавирус аныкталды](https://gdb.rferl.org/82C19067-07B5-40F6-907A-985358CE7B1A_w800_h450.jpg)
Кыргызстанда соңку бир сутканын ичинде коронавирус жуккан 21 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 17-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, алардын ичинен он адам - Санкт-Петербургдагы аскер лицейинин курсанттары. Алар 16-майга караган түнү Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан алып келинген кыргызстандыктардын ичинен аныкталды.
Булардан тышкары дагы 11 адамдан коронавирус аныкталган. Алардын экөө Бишкекте, Чүй облусунда үчөө, алты адам Нарында. Жаңыдан ооруга чалдыккандардын ичинен беш адам медицина кызматкери. Үчөө Нарындагы төрөт үйүнүн медайымдары, экөө аскер госпиталынын кызматкерлери. Жалпысынан ооруга чалдыккан 253 медицина кызматкердин 200ү айыгып, ишине кайтты. Ушуну менен 17-майга карата Кыргызстанда жалпы коронавирус илдетин жуктурган 1138 учур катталды.
Акыркы суткада 21 адам оорудан айыгып чыкты. Жалпысынан коронавирустан 804 адам сакайды. 14 адам COVID-19 илдетин жуктуруп алгандан кийин каза тапты.
Ушул тапта 320 адам стационарда жатат. 12 адам оор абалда. Алты киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. (ZKo)