Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Май
2020

Новости за 17.05.2020

Ооганстанда Гани менен Абдулла бийликти бөлүштүрүүнү макулдашты

Azattyk.org 

Ооганстандын президенти Ашраф Гани менен анын саясий атаандашы, мурунку башкы аткаруучу Абдулла Абдулла саясий бийликти бөлүштүрүү тууралуу макулдашууга кол коюшту. Ооган президентинин басма сөз катчысы Седик Седикки "Твиттер" баракчасына 17-майда Кабулда макулдашууга кол коюп жаткан эки саясатчынын сүрөтүн жарыялады. Седикки жазгандай, Абдулла Улуттук элдешүүнүн жогорку кеңешин жетектейт. Анын командасынын мүчөлөрү өкмөттүн курамына кирет. Ооганстанда бийликти бөлүштүрүү былтыркы прездиенттик... Читать дальше...

Иранда франциялык илимпоз аял алты жылга кесилди

Azattyk.org 

Ирандын соту теги ирандык француз илимпозду "мамлекеттик коопсуздукка шек келтирген" деген кине менен алты жылга эркинен ажыратты. Фариба Аделханын адвокаты 16-майда билдиргендей, илимпоз «Ирандын улуттук коопсуздугуна каршы кутум аракеттерин көргөнү үчүн» беш жылга жана «системага каршы пропаганда жүргүзгөнү» үчүн бир жылга кесилди.     Адвокат Саид Дегхан соттун өкүмүн арыздана турганын айтты. Франция Аделхага чыккан сот өкүмүн айыптап, илимпозду тезинен бошотууга иран бийлигин үндөдү. Аделха... Читать дальше...

Тажикстан: СOVID-19 жугузгандар 1500дөн ашты, 39 бейтап көз жумду

Azattyk.org 

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 17-майга карата 1524 кишиден коронавирус аныкталды. Жугуштуу оорудан каза тапкандардын саны 39га жетти.   Тажик жарандарынын көпчүлүгү бийликтин расмий статистикасына ишенишпейт. Социалдык тармактарда катталгандар коронавирустан ажал тапкан жакындарынын, тааныштарынын, досторунун аты-жөнүн жарыялап жатышат.     Коңшу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги 490дон ашуун бейтап ооруканадан чыгарылганын билдирди. Алар толук сакайып чыкканы же андан ары үйүндө дарыланууга кеткени белгисиз. Читать дальше...



ЖАМК: коронавирус жукту делген кызматкерлердин анализи толук чыга элек

Azattyk.org 

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы COVID-19 илдети табылды делген төрт кызматкери жөнүндө маалымат берди. Мекеменин басма сөз катчысы Самат Калыковдун айтымында, бир кызматкер пневмония болуп ооруканада жатат, ал эми үч кызматкердин ден соолугу жакшы. Калыков "алардан коронавирус аныкталды деп ПЦР-тесттин анализинен кийин так айтуу керек" деди. “Бирөө пневмония диагнозу менен ооруп жатат. Үчөө экспресс-тест тапшырганда коронавирус бар деп чыккан. Бирок үчөөнүн ден соолугу жакшы. Азыр изолицияда жатат. Читать дальше...

Орусиядан 378 кыргызстандык мекенине кайтып келди

Azattyk.org 

17-майда «Манас» эл аралык аэропорту «Аэрофлот» авиакомпаниясынын Москва-Бишкек чартердик каттамын кабыл алды. Ал учак менен 378 кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады. Бүгүнкү каттам менен негизинен оорулуу, мүмкүнчүлүгү чектелген, улгайган курактагы жана балалуу адамдар келди. Кыргызстанга кетүү үчүн элчиликтин тизмесине дагы миң киши катталган. Алардын арасында да кош бойлуулар, оорулуу адамдар, жашы жете элек балдар бар. Элчилик мекендештерди сабырдуу болууга чакырып... Читать дальше...

Олимпиада жеңүүчүсү сынынан кетпеш үчүн курьерлик жумушка орношуп алды

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Спортчу Uber Eats компаниясында Олимпиада оюндары жылдырылып калганын уккандан тарта иштей баштаган. Эске салсак, 2020-жылкы Олимпиада оюндары быйыл Токиодо өтмөк. Бирок коронавирус пандемиясынан улам кийинкиге жылдырылган.

Эколог Лапола: «Табият тандабай өч алат»

Azattyk.org 

Кийинки жугуштуу оору Амазония чытырман токойлорунан жайылышы мүмкүн. Мындай тынчсыздануусу менен бразилиялык эколог, активист Давид Лапола “Франц-пресс” агенттигине бөлүштү. Ал адамзат жапайы жаныбарлардын жашоосуна кийлигише берсе, COVID-19дан да жаман оорулар жугушу мүмкүн экенин белгилейт.

Чаткалдагы жол тазаланды

Azattyk.org 

17-майда Жалал-Абаддын Чаткал районундагы Ала-Бука - Жаңы-Базар – Кировка жолунун 21-чакырымында 1800 метр куб таш кулап, жолду жаап калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады. Жеринде жол кыймылын тейлөө мекемелери иштеп, жол учурда толугу менен ачылды. Баштапкы маалыматка караганда таш кулаган учурда автоунаалар жок болгон. (TSh)



Боронов коронавируска каршы күрөштү күчөтүүнү тапшырды

Azattyk.org 

Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов элдин арасынан COVID-19 инфекциясына кабылгандарды аныктоо маанилүү экенин белгилеп, илдет жуктуруп алганы белгилүү болгондор менен байланышкандарды табуу иштерин күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. «Жаранда вирустун бар экени аныкталар замат биз аны менен байланышта болгон бардык адамдарды табууга болгон күч-аракетибизди жумшоого тийишпиз. Медицина кызматкерлери жана ар бирибиз чарчаганыбыз анык. Бирок азыр жай отура турган мезгил эмес. Читать дальше...

"Акыркы күндөрү амандыкты гана ойлонуп калдым"

Azattyk.org 

Сайрагүл Сатыбалдиева 10 жыл илгери мугалимдик кесибин таштап, Орусияга иш издеп кетүүгө аргасыз болгон. Жолдошу, балдары менен Москвада батирди ижарага алып, баары жапатырмак иштешчү. Ал Москвада үй-бүлөсү менен коронавирус жугузуп алганын, ал-абалы, дарыгерлердин мамилеси тууралуу «Азаттыктагы» маегинде айтып берди.

Тажикстан: «Өпкөсү сезгенген» депутат айыгып чыкты

Azattyk.org 

Тажик парламентинин төмөнкү палатасынын «өпкөсү сезгенген» төрагасы айыгып чыкканын өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Саламаттык сактоо министрлиги парламенттин төмөнкү палатасынын спикери Махмадтоир Зокирзода 15-майда шаардык жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланып чыкканы тууралуу кыска маалымат тараткан. Ушул эле министрлик Зокирзода 5-майда ооруканага жатканын кабарлаган, бирок диагнозун айткан эмес. Көп өтпөй бул кабар сайттан өчүрүлгөн. Мындай маалымат "спикер коронавируска чалдыгыптыр" деген имиштерге себеп болгон. Читать дальше...

Түркмөн президенти абактагы 1402 адамга ырайым кылды

Azattyk.org 

Түркмөнстанда абакта отурган 1402 адам Рамазан айында эркиндикке чыгат. 15-майда Түркмөнстандын мамлекеттик медиа каражаттары тараткан кабарда "жасаган кылмышына чындап өкүнгөн" 1192 түркмөн жараны жана 210 чет өлкөлүк абактан бошотулары айтылды. Маалыматка караганда, ар кандай айыптар менен камалгандар 19-майда эркиндикке чыгат. Түркмөнстан – дүйнөдөгү эң жабык өлкөлөрдүн бири. Түркмөн абактарында жүздөгөн саясий туткундар кармалууда.

Карантинде чыгымсыз үйлөнгөн жаштар

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу той-аштарды жана эл көп чогулган иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган. Бирок карантин учурунда ондогон жаштар үй-бүлө курду.

Өзбекстанда министрлик вирусту жуктурду деп айыпталган дарыгерди коргоп чыкты

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлиги кылмыш иши козголуп, айыпталып жаткан самаркандык дарыгерди колдоп чыкты. Мурдараак Самаркан облустук прокуратурасы оорукананын бөлүм башчысын 34 адамга коронавирус жуктурганы үчүн айыптап, кылмыш ишин козгогон. Оору жуккандардын ичинде дарыгердин жубайы, жакындары, кесиптештери жана ооруканада жаткан бейтаптар бар. Прокуратура "дарыгер COVID-19 вирусунун белгилерин билип туруп ооруканага кайрылбай, үйдө дарыланган" деп айыптаган. Саламаттык сактоо министри Алишер Шадманов башкы прокурорго кайрылып... Читать дальше...

Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Azattyk.org 

18-майда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Талас, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо карга айланат. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда нөшөрлөп төгөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Читать дальше...

Көп балалуу энелер "Баатыр эне" орденин алышты

Azattyk.org 

Энелер күнүн утурлай, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков көп балалуу энелер менен жолугушту. Жолугушууга Чүй, Талас облустарынан жана Бишкек шаарынан көп балалуу энелер катышты. Президент аларды Энелер күнү менен куттуктады: «Энелер — үй-бүлөнүн ынтымагын ширелткен уюткусу, коломтонун ээси, жалпы мекенибиздин куту. Ар бир бала — эненин мээрими аркылуу өз элин, жерин, мамлекетин сүйөт. Мекенге болгон атуулдук сезим — энеге болгон сүйүүдөн башталат. Өлкөбүздөгү ар бир бала эне мээримине бөлөнүп чоңойсун деп тилек кылам. Читать дальше...

Жалал-Абад облусунда жер титиреди

Azattyk.org 

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, силкинүү 17-майда саат 12:57де Жалал-Абад облусунун аймагында катталды. Жер титирөөнүн күчү очогунда 3,5 баллга жетти. Силкинүү Токтогул районунун Кетмен-Төбө, Үч-Терек айылдарында 3 балл, Токтогул шаарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.  Байкоочулар быйылкы март, апрель, май айларында өлкөнүн түштүк аймактарында силкинүүлөр көбөйгөнүн айтышууда. Жыл башынан бери Кыргызстанда жыйырмага жакын жер титирөө катталса... Читать дальше...

Элчилик: Орусиядан апта сайын чартердик каттамдар уюштурулат

Azattyk.org 

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына караганда, май айынын аягынан тартып апта сайын чартердик каттамдар уюштурулат. Мындан тышкары Тышкы иштер министрлиги Оренбург шаарынан да Бишкекке чартердик каттам уюштуруу маселесин карап, бул багытта сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Маалыматка ылайык, бул каттам менен 200 кыргызстандык, негизинен кош бойлуулар, оорулуу жана улгайган адамдар жиберилет. Элчилик Оренбург облусунун Бузулук районунда турган 500гө жакын кыргызстандыкты мекенине кайтаруу аракети уланып жатканын маалымдады. Читать дальше...

Качан кыргызча сапаттуу билим алабыз?

Azattyk.org 

"Азаттык" билим берүү жана илим тармагындагы адистер менен «Эмне үчүн эгемендүүлүктү алгандан бери кыргыз тили Кыргызстанда илим-билимдин, өнүгүп өсүүнүн тили болбой жатат?» деген талкуу өткөрдү. Онлайн талкууга филология илимдеринин доктору, «Тил билги» автордук мектебинин негиздөөчүсү Үмүт Култаева, Жогорку Кеңештин депутаты Абдувахап Нурбаев, Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров, Казакстандагы Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов, Түркиядагы Эржиес университетинин... Читать дальше...


Музыкальные новости
Кристина Орбакайте

Выжидала момент: Орбакайте решила лишить Никиту Преснякова части наследства





Rss.plus
#123ru.net

5 фактов, которые необходимо знать о СЭЙН и Wimmortal и их релизе «Старик и воля».




«Крылья Советов» проиграли «Ахмату»

Концерты для ветеранов ко Дню Победы провели в Подольске

Историческая реконструкция боев прошла в Дмитровском округе

На москвича взяли крупный кредит под видом покупки его машины




Ошто жүргүнчүнү сөккөн милиция иштен алынды

Azattyk.org 

Ош шаарында жүргүнчү менен айдоочуну сөккөн милиция кызматкери иштен алынды. Бул тууралуу «Азаттыкка» шаардык милициянын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. Сыдыков кызматкер кылмыш иликтөө тобунда иштегенин, анын жанында болгон кызматкерлердин аракеттерине да укуктук баа берилерин кошумчалады. Шаардык милиция иштен алынган кызматкер ИИМди «уят кылды» деп, жарандарга карата орой мамилеси үчүн иштен алынганын жазган: «Жарандарга карата орой мамиле жасап, ички иштер органдарынын кызматкеринин... Читать дальше...

Орусиядан 379 кыргызстандык мекенине келатат

Azattyk.org 

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен "Азаттыкка" маалымдашкандай, 17-майда Москва-Бишкек каттамы менен чартердик учак жолго чыкты. Анда негизинен оорулуу, мүмкүнчүлүгү чектелген, улгайган курактагы жана балалуу адамдар келатат. Кыргызстанга кетүү үчүн элчиликтин тизмесине дагы миң киши катталган. Алардын арасында да кош бойлуулар, оорулуу адамдар, жашы жете элек балдар бар. Элчилик мекендештерди сабырдуу болууга чакырып, чартердик каттамдар көбөйтүлө турганын билдирди. 16-майга караган түнү Санкт-Петербург... Читать дальше...

Баткенде санитардык талаптарды сактабаган 28 ишканага айып салынды

Azattyk.org 

Баткен облусунда 11-майдан тартып ишин жанданткан тармактарга күн сайын рейд жүргүзүлүп, санитардык талаптар көзөмөлгө алынууда. Натыйжада облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору ишканаларга санитардык талаптарды сактоо боюнча 202 эскертме кат берген. Ага карабай талаптарды аткарбаган 117 ишканага эскертүү берилип, 28 ишканага айып пул салынды. (JsA)

Ооганстанда талибдердин чабуулунан кеминде 11 адам мерт болду

Azattyk.org 

Ооганстандын Пактия провинциясында кол салуу болгонун 16-майда провинциянын кеңешчиси Мохаммад Рахман Кадери билдирди. Пактия полициясынын башчысы Султан Давуд Султан түнкү кагылышууда 9 талиб согушкери өлтүрүлгөнүн айтты. Маалыматтарга караганда талибдер 12 адамды туткунга алышкан. 14-майда согушкерлер Пактия провинциясында бомба жүктөлгөн жүк ташуучу машинаны жардырышкан. Ушул жылдын февраль айында АКШ менен тынчтык келишимине кол коюлганына карабай талибдер акыркы аптада бир нече чабуулдарды уюштурушту.

Кубалап алар карам жок...

Azattyk.org 

"Сөз дайра" берүүсүнүн бул чыгарылышында куу деген сөздүн ар түрдүү айтылышын жана алардын маанисин чечмелейбиз.

Жээнбеков менен Токаев телефон аркылуу сүйлөштү

Azattyk.org 

17-майда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди туулган күнү менен куттуктап, каалоо-тилектерин айтты. Мындан тышкары мамлекет башчылары кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алышып, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы чогуу көрүлүүчү чараларды талкуулашты. Сүйлөшүү учурунда эки өлкөнүн жарандарын өз мекендерине биргелешип кайтаруу маселеси козголду. Читать дальше...



Москва

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин сообщил о сбитом на подлете к Москве беспилотнике



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Анастасия Волочкова

Волочкову спасли на Мальдивах после новости о рождении сына у Вдовина




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями

Фитнес прокачивает онлайн // Благодаря чему растет спрос на видеотренировки

Развод на договорных матчах: схемы, риски и пути предотвращения


WTA

Саснович пробилась во второй раунд турнира WTA-1000 в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Таня Василькова расскажет (и покажет) «Как прожить в браке без брака»



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России