Баш прокурор: сырттан активдерди кайтаруу боюнча башкалар Кыргызстандан кеңеш сурап жатат
2019-жылы Бакиевдердин мурдагы финансылык кеңешчиси, учурда АКШда жашаган Евгений Гуревичтен 4,5 млн. сом өндүрүлгөнү - укук коргоо органдарынын 10 жылдык эмгегинин натыйжасы. Мындай пикирин башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 18-майда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөш боюнча комитетинин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Баш прокурордун айтымында, бул сыртка мыйзамсыз чыгып кеткен каражаттарды кайтаруу боюнча Борбор Азиядагы эң ири иш болгон. Читать дальше...