Чаткалдагы жол тазаланды
17-майда Жалал-Абаддын Чаткал районундагы Ала-Бука - Жаңы-Базар – Кировка жолунун 21-чакырымында 1800 метр куб таш кулап, жолду жаап калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.
Жеринде жол кыймылын тейлөө мекемелери иштеп, жол учурда толугу менен ачылды. Баштапкы маалыматка караганда таш кулаган учурда автоунаалар жок болгон. (TSh)