Түркмөн президенти абактагы 1402 адамга ырайым кылды
Түркмөнстанда абакта отурган 1402 адам Рамазан айында эркиндикке чыгат. 15-майда Түркмөнстандын мамлекеттик медиа каражаттары тараткан кабарда "жасаган кылмышына чындап өкүнгөн" 1192 түркмөн жараны жана 210 чет өлкөлүк абактан бошотулары айтылды.
Маалыматка караганда, ар кандай айыптар менен камалгандар 19-майда эркиндикке чыгат.
Түркмөнстан – дүйнөдөгү эң жабык өлкөлөрдүн бири. Түркмөн абактарында жүздөгөн саясий туткундар кармалууда.