Иранда франциялык илимпоз аял алты жылга кесилди
Ирандын соту теги ирандык француз илимпозду "мамлекеттик коопсуздукка шек келтирген" деген кине менен алты жылга эркинен ажыратты. Фариба Аделханын адвокаты 16-майда билдиргендей, илимпоз «Ирандын улуттук коопсуздугуна каршы кутум аракеттерин көргөнү үчүн» беш жылга жана «системага каршы пропаганда жүргүзгөнү» үчүн бир жылга кесилди.
Адвокат Саид Дегхан соттун өкүмүн арыздана турганын айтты. Франция Аделхага чыккан сот өкүмүн айыптап, илимпозду тезинен бошотууга иран бийлигин үндөдү. Аделха француз кесиптеши жана өнөктөшү Ролан Маршал менен 2019-жылдын июнунда камалган.
Маршал март айында Франция менен Иран түрмөдө отургандарды алмашканда мекенине кайтып келген.
61 жаштагы Фариб Аделха – Париждеги саясат институтунун антрополог-иликтөөчүсү.
Январда Иран соту Аделхага коюлган мамлекеттик коопсуздукка байланыштуу айыпты алып салганы менен ал Тегерандагы Эвин түрмөсүнөн чыгарылган эмес.