Орозалиев: обсервацияда туура эмес маалыматтан түшүнбөстүктөр болгон
Ички иштер министрин орун басары Алмаз Орозалиев парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү боюнча комитетинин жыйынында «Семетей» обсервациясындагы чыр жөнүндө маалымат берди.
“Жарандарга туура эмес маалымат тараган. Алар мурда күнү ооруканага алып кеткендерди чыгарылып жатат деп ойлошкон. Алар түшүндү. Азыр документ чогултуп, чара көрүлөт”, - деди Орозалиев.
Депутат Тазабек Икрамов обсервация эрежесин бузгандарга катаал чара көрүүнү керек экенин белгиледи.
Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Соль-Илецктен келип, «Семетей» обсервациясында жаткан жарандардын 18-майда кайталап алынган анализдери таза чыккандан кийин үй карантинине кое берилди.
7-майда Орусиянын Соль-Илецк аймагынан келген 541 жарандан экинчи ирет ПЧР анализ алынып, 421 кишиден коронавирус табылган жок. Алар эксперттик комиссиянын чечимин күтпөстөн чыр салышкан. 17-майда бул жайдан чыгарууну талап кылып, чуу чыгарган мигранттардын видеосу Интернетке тараган. Саламаттык сактоо министрлиги «Тез жардамдын» айдоочусунун тышкы коргоочу кийиминин «бир-эки жери айрылганын» маалымдаган.
7-майда Соль-Илецкиден Казакстан аркылуу автобус менен Бишкекке 541 кыргыз жараны жеткирилген. Ошондон бери алардын арасынан 98 кишиден коронавирус табылды. (TSh)