Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Апрель
2021

Бишкектин көйгөйлөрүн көтөргөн дебаттар

0

Коомдук телерадиоберүү корпорациясында (КТРК) Бишкек шаардык кеңешине талапкерлердин дебаттары өтүп жатат. Мындан тышкары ЭлТР каналында референдумду жактагандардын жана ага каршылардын дебаты уюштурулууда. Ошондой эле быйыл биринчи жолу эки партиянын ортосунда Көз карандысыз дебат өттү. 

Кайым айтыштар менен коштолгон дебат

КТРКда өткөн Бишкек шаардык кеңешине аттангандардын биринчи дебатына НДПК, «Кыргызстан», «Тынчтык», «Айкөл Кыргызстан» жана «Ынтымак» партияларынын өкүлдөрү катышты. Алар шаардагы башаламан курулуштар, «жер мафиясы», жер тилкелерин мыйзамсыз берүү сыяктуу маселелерди чечүү боюнча өз сунуштарын айтышты.

Маселен, «Айкөл Кыргызстан» партиясынын өкүлү Бакыт Керимбеков көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна алгач мораторий киргизип, андан соң гана салынган имараттарды тартипке келтириш керек деп эсептейт.

Ал эми «Кыргызстан» партиясынан талапкер Максат Исаматов «шаардык кеңеш мэрия жана градсовет менен биргеликте курулушка уруксат берилген зоналарды иштеп чыгууга тийиш» деген пикирин ортого салды.

«Ынтымак» партиясынын тизмесинде экинчи болуп бараткан Нурсултан Кубанов бул көйгөйдү Бишкек шаарынын Башкы планынын жоктугунан көрөт.

"Таза жана жаш кадрлар гана бул маселени чече алат", - деген Кубанов шаардыктарды ар бир талапкерди жана алардын буга чейинки таржымалын иликтөө менен гана добуш берүүгө чакырды.

Нурсултан Кубанов өзү былтыр күзүндө парламенттик шайлоого «Бир Бол» партиясы менен аттанган, ал эми «Ынтымак» партиясынын лидери Марлен Маматалиев жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесинде жетинчи болуп барган эле. Муну дебаттардын жүрүшүндө «Тынчтык» партиясынан талапкер Болот Абдыжапаров да баса белгиледи:

"Силердин лидериңер Марлен Маматалиев курамында болгон партиянын айынан революция болгон. Партия түзгөндү мага үйрөтпөңүз. Сиз партияны байпак алмаштыргандай алмаштырып жүрөсүз. Сиз буга чейин «Бир Бол» менен баргансыз",-дегенде Нурсултан Кубанов:

"Марлен Маматалиев тогуз жыл «Республика» партиясынын өкүлү болгон. Ал пандемия учурунда канчалаган адамдарга жардам берди. 1,5 гана ай «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер болду",-деп жооп кайтарды.

Мындан тышкары дебаттардын жүрүшүндө НДПК партиясынан талапкер Илим Карыпбеков менен Максат Исаматов да кайым айтыша кетишти. Карыпбеков «Кыргызстан» партиясынын өкүлүн шаардык кеңеште отуруп, Бишкектин көйгөйлөрүн айтып жатканын сынга алды.

"«Кыргызстан» партиясы ушул жерде отуруп алып көйгөйлөрдү кантип уялбай айтып атасыңар? Силерге бул маселелерди чечүүгө эмне жолтоо болуп жатат? Канча мөөнөттөн бери эле ушундай акылдуу сөздөрдү айтып жатасыңар? Тартынсаңар боло бир аз, мына биздин партиябыз азырынча шаардык кеңеште жок",-дегенде Исаматов:

"Сиз өз партияңыздын лидерине бул суроону бериңиз. Мен биринчи жолу талапкер болуп баратам. Ошондуктан азыр партиянын атынан депутат болуп отургандар үчүн жооп бере албайм", - деп жооп кайтарды.

 

Мындан тышкары биринчи дебатка катышкандар жаңы конуштар менен калаанын борбордук бөлүгүндө жашагандардын ортосундагы айырма тууралуу суроого жооп берип, ал айырманы болтурбоо үчүн сунуштарын беришти.

Аял мэр, экология жана добуш сатуу

Дүйшөмбүдөгү экинчи теледебат биринчисине салыштырмалуу тынч өттү. «Реформа», «Социал-демократтар партиясы», «Республика», «Улуу журт», «Бийлик элге» партияларынын өкүлдөрү катышкан таймашта кайым айтыш болгон жок. Тескерисинче кайсы бир маселелерде партиялардын талапкерлери бири-бирин колдоп, сунуштарын берип турушту.

Ал эми социал-демократтардын өкүлү Темирлан Султанбеков алардын партиясы шаардык кеңешке барып калса, утулуп калгандардын мыктыларын шаар бийлигине тартса болот деген сунушту киргизди:

"Маселен, Аяз Баетовду укуктук тармакты башкарууга чакырсак болот, энергетика маселелерин чечүү үчүн Аймен Касеновду чакыралы, «Бийлик элге» партиясынын автоунааларды токтотуу жайлары боюнча жакшы сунуштары бар экен, силер да келгиле, «Биздин эл» партиясынан Болот Ибрагимов МАИ көйгөйлөрүн чечкенге жардам берсе жакшы болот эле".

Экинчи дебатка катышкан талапкерлер коомдук транспорт, экология, ыштан арылуу, калааны жашылдандыруу сыяктуу суроолорго жооп беришти. Алар негизинен орус тилинде сүйлөп жатышты.

«Бийлик элге» партиясынан талапкер Вахтан Алаков Бишкектин экологиясын калыбына келтирүү үчүн бир топ чаралардын комплекси зарыл экенин билдирди:

«Учурда шаардын санитардык-экологиялык кызматтары максатка ылайык иштебейт. Алар кайсы кафе канча таштанды ыргытканын эсептеп, айып пул салуу менен алектенип жүрүшөт. Санитардык-экологиялык кызматта иштегендер эл аралык тажрыйбаны иликтеп, шаарды өнүктүрүү стратегиясына өзгөртүүлөрдү киргизиши керек эле".

"Улуу журт" партиясынан келген Анарбек Катаганов экологияны чечүү үчүн бир катар сунуштарды берип, анын ичинде ТЭЦ-2ни иштетүү зарыл экенин кошумчалады.

«Республика» партиясынан талапкер Аяз Баетов Бишкекке аял мэр келиши керек деп эсептейт. Ал мэрликке башка партиялардан дагы аял көрсөтүлсө колдорун кошумчалады.

Коронавирус көйгөйүн эки дебатта жалгыз гана «Бийлик элге» партиясынын өкүлү козгоду.

«Реформа» партиясынан шаардык кеңешке аттанып жаткан Аймен Касенов бул шайлоонун эң башкы көйгөйү добуш сатып алуу экенин билдирди:

"Азыр аткаруу бийлиге катуу позицияны кармап, бул шайлоо таза жана адилеттүү өтүш үчүн бардык аракеттерди көрүшү керек".

КТРКдан тышкары референдум боюнча дебаттар ЭлТР каналында да өтүп жатат. Анда референдумга сунушталып жаткан жаңы Конституцияны жактагандар жана ага каршы чыккандар өз позицияларын коргошууда.

Ошондой эле быйыл биринчи жолу Көз карандысыз дебаттар өттү. Интернет аркылуу түз чагылдырылган ал дебатка НДПК жана "Реформа" партияларынын өкүлдөрү катышты.

Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтөт. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 мандатка 25 партиядан 1 820 талапкер ат салышып жатат.





Губернаторы России
Москва

Собянин: В ТиНАО в программу реновации включили 268 домов





Москва

Воскресшего Иисуса могут дополнительно установить в церквях, вместо черепа.


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: В ТиНАО в программу реновации включили 268 домов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Шапка

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В Нижнем Тагиле прошел десятый благотворительный забег ЕВРАЗа и городской спортивный праздник «Дай пять!»

Чья компания сильнее всех?

Две бронзы выиграли забайкалки на международных соревнованиях по киокусинкай «Moscow Cup 2024»


Камила Джорджи

Экс‑теннисистка Джорджи обвиняется в краже мебели и ковров на €100 тысяч — СМИ



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

«Лето. Москва. Шавасана» — в Москве пройдёт Международная Конференция Йога Журнала



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России