Референдум: 183 эл аралык байкоочу каттоодон өттү
Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы референдум жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого карата 31 мамлекеттен 183 байкоочуну каттады.
Мындан тышкары Өзбекстан, Улуу Британия, Казакстан, Беларус, Германия, Түркмөнстан жана башка мамлекеттердин Кыргызстандагы элчиликтеринин, «32 тобу», Европа, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши баштаган уюмдардын өкүлдөрү аккредитация алышты.
Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.
Ушул эле күнү президенттик башкарууга багытталган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлат. (NT)