Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Апрель
2021

Айзаданын өлүмү: прокуратура милициянын аракетине баа берет

0
Айзаданын өлүмү: прокуратура милициянын аракетине баа берет

Бишкектин прокуратурасы Айзада Канатбекованын окуясынан улам милиция кызматкерлеринин иш-аракетин «шалаакылык» беренеси менен тергеп-иликтей баштады. 

Ички иштер министри Улан Ниязбеков бул үрөй учурган трагедияда жоопкерчилигин сезерин айтканы менен, бир дагы жетекчиге, кызматкерге азырынча чара көрүлө элек.

Бир үй-бүлөнүн жалгыз кызынын өлүмү коомчулукта укук коргоо органдарына карата сын-дооматты күчөттү.

Прокуратура менен милиция Айзаданын киши колдуу болушу менен аяктаган окуяны териштирип жаткан чакта анын айрым жагдайлар белгилүү боло баштады. Бишкектин чок ортосунан аны машинеге күчтөп салып кеткен окуяга күбө болгон, бул тууралуу милицияга дароо кабарлаган адам “Азаттык” радиосуна көргөн-билгенин айтып берди. Бирок ал белгилүү себептерден улам атын-жөнүн ачык айтууну каалаган жок.

"Чынында мен кыз экенин деле түшүнгөн эмесмин, себеби мен жөө өтмөктөн өтүп бараткан адамды карап, ошону күтүп тургам. Бир нерсе болуп жатканын түшүнүп, унаамды токтоткончо, алар мени кыйгап өтүп, катуу жүрүп кетишти. Мага кишинин буту эшиктин сыртына чыгып калгандай көрүндү. Артынан айдап, кызыл автоунаанын номурун тагыраак көрүүгө аракеттендим. Алар аны байкап калып, ансайын катуу айдап кетишти. Мен милицияга адам уурдоо болгонун кабарлап, кызыл "Хонда-Сивиктин" мамлекеттик номурун да айтып бердим. Ошондо саат 7:21 болчу. Окуя болгон жерге түшкө жуук кайра келип, кызды күчтөп машинага салган учур "Фаизанын" (кафе - ред) видеокамерасына түшүп калганын көрдүм. Ошондо да милицияга кайра чалып, камерага түшүп калган видео бар экенин айткам. Мындай болуп кетерин билген эмесмин, өзүмдү күнөөлөп, "балким түшө калып кыйкырсам жакшы болмок беле" деп өкүнүп жатам", - деди күбө.

Ички иштер министрлиги (ИИМ)Айзаданы 200дөн ашуун милиция кызматкери күндөп-түндөп издегенин билдирген. Канатбекованын сөөгү ал уурдалгандан кийин үч күн өткөндө Бишкектин четиндеги машинадан чабан көргөндөн кийин гана табылган.

Бишкек менен Ошто Айзаданын өлүмүнө жол бергендерди жоопко тартууну, кыз-келиндерге карата зордук-зомбулукту тыюуну талап кылган нааразылык акциялары өттү.

Ушул тушта Бишкек шаардык прокуратурасы милиция кызматкерлеринин аракетине укуктук баа берүү максатында «шалаакылык» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Тергѳѳнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгы жүргүзөт.

Милициянын ардагери, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Туратбек Мадылбековду баамында, милиция кызматкерлери бул өлүмдүн алдын алууда бир катар алешемдиктерди кетирди.

“Машинанын номуру белгилүү болуп жаткандан кийин колго түшүрүү операцияны ыкчам түзүп чыгышы керек эле. Милициянын 15 сааттай убактысы болгон. Уюлдук телефон менен кайсы жерде жүргөнүн аныктоого мүмкүн. Бул 500 метр аралыктагы аймакты так аныктап берет. Алар жүргөн жер табылгандан кийин өздүк курам менен курчоого алыш керек болчу. Камераларга түшкөндөн кийин кайсы жерде баратканы, кайсы көчөдөн өткөнү тууралуу маалыматтар болуп турат. Окуяны курчутпай токтотуп калууга толук мүмкүнчүлүк бар эле”.

Бишкек милициясынын башчысы Бакыт Матмусаев 8-апрелде парламентте маалымат берип жатып, алешемдик тууралуу дооматты четке какты. Матмусаев Айзаданын өлүмү үчүн милициянын атынан кечирим сураган.

"Апасынын арызында Айзаданын артынан түшкөн адам "психикалык жактан соо эместиги" тууралуу жазылган. Ошондуктан, биз 200дөн ашуун кызматкерди издөө иштерине салганбыз. Колдон келишинче иштедик, 16-18 сааттап иштеп жатабыз".

Айзаданын окуясын президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алганын айтылды. Премьер-министр Улукбек Марипов бейшембиде кечинде укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, ала качууга байланыштуу жазаны катаалдатууну сунуштады.

"Мен Жазык кодексиндеги бул беренени толугу менен кайрадан карап чыгуу зарыл деп эсептейм. Адам уурдоо тууралуу берене бар, ал үчүн эркинен ажыратуу каралган. Жакын арада аталган кылмыш түрү үчүн жазаны катаалдатуу максатында жогорудагы берененин ченемин кайра карап чыгуу зарыл", - деп айтылат өкмөттүн сайтындагы маалыматта.

Ал эми юрист Атыр Абдрахматова буларга токтолду.

“Бул окуя бардыгыбыздын жүрөгүбүздү титиретип койду. Мындай нерсеге ар бирибиздин жакындарыбыз кабылышы мүмкүн. Ала качуу, зордук-зомбулук менен күрөшүүдө биздин мамлекет артта калып жатат. Бул көрүнүш коомчулукта үрп-адат катары кабыл алынууда. Укук коргоо органдарын реформа кылып, анын башчылыгына аял кишини алып келүү абзел. Анткени аялдар стреотиптик көз-караштардан алысырак. Энелик инстинкт бар. Бул системада иштеген мырзалардын аялдарга болгон көз-караштарын, аң-сезимдеринин өзгөрүшүнө алып барат”.

27 жаштагы Айзаданы 5-апрелде үч адам Бишкектеги Медеров-Тыныстанов көчөсүнөн өтүп бараткан жерден күчтөп машинеге салып кеткен.

Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган эркектин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган. Шаардык милиция адам уурдоого шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач кызды футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кыйганын билдирди.

Теңизбаев мурда Орусияда ар кандай кылмыштар үчүн үч ирет соттолуп, абакта отуруп чыкканы белгилүү болду.

Криминалдык милициянын кызматкерлери Айзада Канатбекованы уурдоого шек саналган төрт кишини кармады. Колго түшкөн шектүүлөр шаардык милициянын тергөө абагына киргизилген.

Бир үйдүн жалгыз кызы, Айзада  Кыргыз-түрк «Манас» университетинин Дене тарбия жана спорт факультетин 2020-жылы аяктаган.

Кыргызстанда мындай кандуу окуя буга чейин да катталган. 2018-жылдын май айында 20 жаштагы студент Бурулай Турдаалы кызы ала качуунун курмандыгы болгон. Аны Жайыл райондук милиция бөлүмүндө ала качкан бала бычактап өлтүрүп, андан кийин өз жанын кыюуга аракет кылган.

Канатбекованын окуясынан кийин айрыкча социалдык тармактарда ала качууга жана зомбулукка кабылган кыз-келиндер өз окуясын ачык жарыялаган кампания башталды.





Губернаторы России
Москва

Сергей Собянин подвел итоги Московской олимпиады школьников





Москва

«Лето. Москва. Шавасана» — в Москве пройдёт Международная Конференция Йога Журнала


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин подвел итоги Московской олимпиады школьников



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Юрий Шатунов

Жителей и гостей Люберец 25 мая приглашают в парк на концерт памяти Ю. Шатунова




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Две бронзы выиграли забайкалки на международных соревнованиях по киокусинкай «Moscow Cup 2024»

Чья компания сильнее всех?

ЦСКА и МФТИ заключил соглашение о сотрудничестве


ATP

Теннисист Медведев потеряет место в рейтинге ATP



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Здоровье

Вкусно и безопасно: гастроэнтеролог Садыков назвал 5 продуктов, снижающих холестерин



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России