Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Апрель
2021

Тажик президенти Ворух анклавына келди

0
Тажик президенти Ворух анклавына келди

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 9-апрелде Кыргызстандын аймагындагы тажик анклавы Ворухка келди.

"Азаттыктын" тажик кызматы маалымдагандай, президент Рахмон стадион менен маданий борбордун ачылышында болуп, айыл чарба азыктарынын жана кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсүнө катышты. 9-апрелде түштөн кийин ал ворухтук тургундар менен жолугушту.

"Азаттыктын" тажик кызматы анда Рахмон Ворухтан улам ар кыл маалыматтар чыгып жатканын белгилеп, чек ара маселелерин чечүүгө убакыт керек деп айтканын жазды.

“Акыркы 19 жыл аралыгында Ворухту алмашуу тууралуу сөз болгон эмес жана болушу да мүмкүн эмес. Мен муну акыркы учурда жалпыга маалымдоо каражаттарында ар кандай сөздөр жүрүп жаткан себептен айтып жатам. Чек ара маселелерин чечүү убакытты талап кылат жана анда эмоцияга алдырбаш керек”, - деген Рахмон.

Тажик президенти кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери 2002-жылы башталганын эске салып, андан бери 100 жолу сүйлөшүү өткөнүн белгиледи. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында чек ара тилкелеринин 50 пайызга жакыны тууралуу тараптар мунаса келишкен.

Рахмон кыргыз-тажик чек арасынын тактоо боюнча Дүйшөмбү 2016-жылы ички жол-жоболорду бүтүргөнүн, бирок кыргыз тарап белгисиз себептен улам бул ишти жүргүзбөгөнүн кошумчалаган.

Эмомали Рахмондун «саясий сапары»

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 7-апрелде Согд облусуна иш сапар менен барган. Андан ары ал Ворух анклавын кыдырып, жергиликтүү эл менен жолугары кабарланды. Бир катар талдоочулар чек ара маселеринен улам Рахмондун бул сапарын "саясий кадам" катары баалап жатышат.

Расмий маалыматка ылайык, Эмомали Рахмондун Согд облусуна соңку сапары Ноорузга карата майрамдык иш-чараларга, социалдык-экономикалык объектилердин ачылышына арналды.

Душанбенин расмий маалыматына ылайык, тажик президенти 10-апрелге чейин аймактарды кыдырат жана анын алкагында Исфара районундагы Кыргызстандын ичиндеги Ворух анклавына да барат.

"Азаттыктын" тажик кызматынын башкы редактору Сирожиддин Толибов Рахмондун иш сапарын Ворухка байланыштырып, муну "саясий кадам" деп баалады.

«Согд облусунда эки күн болуп, 9-апрелде Ворухка барары кабарланды. Ал жергиликтүү эл менен жолугуп, чек ара жана талаштуу жерлер боюнча элдин маанайын, абалды жеринен билүүнү көздөөдө. Расмий мындай маалымат берилген жок. Бирок муну баары эле түшүнүп турат. Эмомали Рахмон мындай сапары менен эл аралык коомчулукка жана тажикстандыктарга "Ворух –Тажикстандын ажыратылгыс бөлүгү" экенин, Кыргызстан менен жер алмашууга болбосун көрсөткүсү келип жатат. Ал жергиликтүү элге тилектештик билдирүү үчүн барды. Бул чек араны такташуу маселелери албетте, абдан татаал, кылдат мамилени талап кылат. Бул бир-эки ай же жылда чечилип кала турчу процесс эмес».

Сирожиддин Толибов жергиликтүү тургундар кыргыз-тажик бийликтеринен чек ара, талаштуу тилкелерди такташуусун көптөн бери күтүп жатканын, бирок Кыргызстандын башкы чекисти Камчыбек Ташиевдин соңку билдирүүлөрү кооптондуруп койгонун баса белгилейт.

«Камчыбек Ташиевдин Тажикстандын жерлери, тажик мамлекети тууралуу айткандары жергиликтүү тургундар арасында аябай терс маанайды, каршылыктарды жаратты. Чек арадагы эл Ташиевдин сөзүн өтө эмоционалдуу кабыл алышты. Бул маселеге бир гана президенттер чекит коё алат. Бирок мен азыр тажик бийлиги жибип кетип, кандайдыр бир нерсеге макул болот же Ташиевдин сунуштарын кабыл алат деп ойлобойм», - дейт журналист.

Камчыбек Ташиев өткөн айда Бишкектеги басма сөз жыйынында Кыргызстан кыргыз-тажик чек арасындагы баш ооруга айланган Ворух анклавы боюнча Тажикстанга эки сунуш бергенин айткан.

«Тажикстан менен негизги чек ара маселеси – бул Ворух анклавы. Бул аймактын аянтын мыйзамдуу түрдө ченейбиз. Анклавдын аянты мындан ары чоңойбойт. Ворухтан Тажикстанга каттоо үчүн пайдалануу максатында гана жол беребиз. Ал жол Кыргызстандын Ак-Сай айылын айланып өтө тургандай болот. Экинчи сунушубуз - аймак 12 миң гектардын тегерегинде. Аны Лейлек же Баткен районунун башка жерлерине алмашууга даярбыз. Ворух анлавынын ордуна Кыргызстандын кайсы аймагы жарактуу деген негиздемени Тажикстан тарапка берип койдук».

Душанбе-Бишкек сүйлөшүүсү

Азырынча тажик бийлиги Кыргызстандын сунушуна жооп бере элек.

Буга чейин publizist.ru деген порталга 2006-2013-жылдары Тажикстандын тышкы иштер министри болгон Хамрохон Зарифинин пикири жарыяланган. Анда ал "Ворух жери - Тажикстандын аймагы" деп, Ворух тарыхый документтер жана саясий, географиялык карталарга ылайык анклав болбогонун жазат.

Ошондой эле ал Ташиевди "сүйлөшүүлөрдүн бардык этикалык нормаларын бузуп, анын мазмунун башка тарап менен макулдашпай туруп пресс-конференцияда ачыкка чыгарууга мүмкүнбү?", - деп сындаган.

Айрым саясий серепчилер «экс-дипломаттын мындай билдирүүсү тажик бийлигинин көрсөтмөсү менен айтылды» деп баалашкан.

Чек ара маселелерин көтөрүп келаткан жарандык активист Бекназар Айталиев «Тажикстанда, Өзбекстанда активисттер өз алдынча пикир билдире албайт. Ал эми мурда тышкы иштер министри болгон кишинин өз өлкөсүндө саясий бедели бар жана анын сөзү коомдо резонанс жаратат. Ал адам дипломат катары ар бир сөзүн ойлонуп туруп сүйлөйт. Демек, ал муну бийликтин көрсөтмөсү менен эле айтып жатат», - деп сыпаттаган.

Тажикстандагы саясат талдоочу Парвиз Муллоджанов «Азаттыктын» тажик кызматына «Бишкек сунуштап жаткан эки вариант тең Тажикстан үчүн пайдалуу эмес. Мындай сунуштар адатта жеңишке жеткен же мүмкүнчүлүктөр менен ресурстардагы олуттуу артыкчылык сезилген тапта берилет» - деп айткан.

Орусия Илимдер академиясынын кызматкери, Борбор Азия өлкөлөрү боюнча эксперт Станислав Притчин Бишкек-Дүйшөмбү сүйлөшүүсү көпкө созулушу мүмкүн деген ойдо.

«Президент Рахмондун алмаштырууга сунушталган анклавга барышы Тажикстан бул маселе боюнча сүйлөшүүлөргө даяр эместигин көрсөтөт. Өзбекстан менен аймактарды алмашуу боюнча сүйлөшүүлөр ийгиликтүү жүргөнү менен ал жакта анклавдар жөнүндө сөз болгон эмес да. Анклавдарды алганда кырдаал татаалыраак. Бул жөн гана жер эмес, бул ошол жакта жашаган адамдар, алардын мекени тууралуу сөз болуп жатат», - деп белгилейт орусиялык эксперт.

Кыргыз-тажик чек арасы 970 чакырымга созулат. Анын 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу бойдон турат. Кыргызстанда Тажикстандын Ворухтан сырткары Кайрагач анклавы жайгашкан. Ворухта 40 миңдей адам жашайт. Эки тараптын чек аралаш тургундары кээде жер, жол жана суу талашып, кан төгүүгө чейин жетип, араздашкан учурлар болгон.





Губернаторы России
Москва

Собянин: Доля новейших вагонов в метро Москвы с 2010 года увеличилась в шесть раз





Москва

травят изгоя писателя на районе даже менты тоже


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: В этом году к проекту «Открой#Моспром» присоединился один миллион человек



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Дима Билан

Анна Asti и Дима Билан стали лучшими исполнителями по версии премии МУЗ-ТВ




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Рок-версия гимна Белогорска прозвучала на масштабном рок-н-мобе

Спортсмен Росгвардии занял второе место в личном многоборье на Играх БРИКС

Школьник из Ставрополя пробился в финал международного турнира по шахматам


WTA

Саснович победила на старте квалификации турнира WTA-500 в Берлине



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Захватывающий мир онлайн-казино Vavada



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России