Айзаданын өлүмүнө шектелген жигиттин сөөгү Алайга коюлат
27 жаштагы Айзада Канатбекованы уурдап, өлтүрүүгө шектелген 36 жаштагы Замирбек Теңизбаевдин сөөгү Ош облусунун Алай районундагы Жаңы-Турмуш айылына коюлат. Айылдаштары сөөктү жерге берүүгө жай даярдап коюшкан. Коңшулары Замирбектин үй-бүлөсү 25 жыл мурун Бишкекке көчүп кеткенин айтышты.