Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Апрель
2021

Референдумдан кийин эмне өзгөрөт?

0
Референдумдан кийин эмне өзгөрөт?

Баштапкы маалыматтарга караганда, добуш берүүгө катышкан 37,4% шайлоочунун 79% Конституциянын жаңы долбоорун колдошту. Айрым эксперттер жарандар өздөрү түшүнбөй эле добуш берип коюшканын айтышса, башкалары жетиштүү маалымат берилгенин, кыргызстандыктар өз тандоосун жасашканын билдирди. 

Аймактагылардын 80 пайызы президенттик башкарууну жактаган Баш мыйзамды жактырышса, борбор калаада бул көрсөткүч айырмаланат

Бишкектиктердин 36% Конституциянын жаңы долбооруна каршы добуш беришкен.

Кандай болгон күндө да, баштапкы жыйынтыктар Жогорку Кеңештин 80 депутаты былтыр ноябрь айында талкууга чыгарып, кийин Конституциялык кеңешме түзөтүүлөрдү киргизген Баш мыйзамдын долбоору колдоо тапканын көрсөттү.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров жаңы Конституцияга шайкеш келтирүү үчүн президенттин жана өкмөттүн аппараттары мыйзам долбоорлорун даярдап койгонун бир күн мурда билдирген эле. Ал жергиликтүү кеңешке шайлоо жана Баш мыйзам боюнча референдумга добуш бергенден кийин “Азаттык” радиосунун суроосуна жооп берип жатып буларды айтты:

"Бүгүн эл жаңы Баш мыйзамды колдоп берип, болжол менен 20-апрелде расмий жыйынтыгы чыкса, бардык долбоорлорду Жогорку Кеңешке киргизебиз. Анткени жаңы Конституцияга ылайык, биз бардык мыйзамдарды ирээтке келтиришибиз керек. Бизде бүгүнкү күндө бири-бирине каршы келген мыйзамдар абдан көп. Айрыкча Кылмыш-жаза кодексинде, Кылмыш-процессуалдык кодексинде жана башкаларында арбын. Отуз жылдан бери биз ошол карама-каршылыктар менен жашап келдик".

 

Президент ошондой эле соңку отуз жылда мыйзамды түшүнгөндөр да, түшүнбөгөндөр да жазганын кошумчалай кетти.

Юрист Эржан Кайып мына ушул мыйзамдарды ирээтке келтирип, Конституциянын жаңы долбооруна ылайыкташтырганда бир топ өзгөрүүлөр болушу мүмкүн экенин айтты:

"Эми тынч жыйындарды өткөрүү, шайлоо боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилиши ыктымал. Тобокелчиликтердин дагы бири - алдыдагы парламенттик шайлоо кандай эреже менен өтөрү белгисиз. Ошондой эле шайлоо мыйзамдарындагы аялдар, балдар, этностук топтор үчүн бөлүнгөн квоталарга байланыштуу беренелер дагы өзгөрүп кетиши мүмкүн".

Анткен менен башка юристтер пандемия, экономикалык кризис маалында дал ушундай Баш мыйзамдын кабыл алынышын туура көрүшөт. Алардын бири Канат Мидин уулу алдыда өлкөдө кайсы бир деңгээлде турукташуу болот деген пикирде:

"Мисалы, бизде өкмөт башчы алмашып, өкмөттүн курамы ар дайым өзгөрүп турат эмеспи. Аткаруу бийлигинин иши турукташат. Бул эми реформаларды ишке ашырганга, өзгөртүүлөрдү жүргүзүүгө чоң мүмкүнчүлүк. Эгерде ишти алып кете алган, тажрыйбалуу кадрларды койсо өкмөттүн потенциалы күчөйт. Пандемия учурунда, экономикалык кризис маалында борборлоштурулган башкаруу болушунун артыкчылыктары көп. Бийликке ишеним берилди, эми команда түптөп, берген убадаларды ишке ашырыш керек".

«Азаттык» жүргүзгөн сурамжылоолордо айрым жарандар Конституциянын жаңы долбоору тууралуу маалыматы жок экенин айтышкан.

 

Бул көрүнүштү кээ бир эксперттер да бышыкташты. Саясат таануучу Айбек Теңизбаев бийликти бир адамдын колуна өткөрүп берүү негизги тобокелчилик экенин айтат:

"Конституцияны эл колдоду, бирок түпкү маңызын түшүнө алган жок. Абсолюттук бийликти бир адамга бергенде, бир гана сыйкырга ишенүүгө болот. Ал адам бир сыйкыр жаратып эле баары сонун болуп кетпесе, азыркы кейиштүү абал уланат. Дүйнөлүк жана биздин тарых көрсөткөндөй, бир адамга таянган мамлекетте тобокелчилик өтө көп болот".

Конституциянын жаңы долбооруна ылайык, президент мурдагыдай бир эле мөөнөткө эмес, 5 жылдан эки жолу шайланууга мүмкүнчүлүк алат жана аткаруу бийлигин толук көзөмөлдөп калат. Мамлекет башчысынын жергиликтүү кеңештерди таркатып, райондун башчыларын дайындоого чейинки бир топ ыйгарым укуктары болот. Мындан ары референдумдарды мурдагыдай Жогорку Кеңеш эмес, президент гана жарыялай алат, парламенттин депутаттарынын саны 120дан 90го түшүрүлөт. Мындан тышкары жаңы Конституцияда Элдик курултай өзгөчө макамга ээ болот жана “сунуш берген, кеңешүүчү, байкоочу жыйынга” айланат.





Губернаторы России
Москва

Собянин: Проект "Давай друЖИТЬ" помогает исполнять заветные мечты детей





Москва

На ВДНХ открылась цифровая фотовыставка "Счастье. Материнство или карьера!?"


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин поздравил победителей городского конкурса в сфере культуры и искусства



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Rammstein

Интимный момент между Лолитой и солистом группы «Rammstein» попал на камеру




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Ролан Гаррос. Расписание 2 июня. Потапова и Швентек сыграют первым запуском, Синнер – последним

Спортсмены из Химок выиграли Первенство Подмосковья по автокроссу

Источник 360.ru: птенцов придавило тренажером во дворе дома в Москве


Андре Агасси

Не ходите, дети, в теннис: как Андре Агасси и Штеффи Граф подарили детям право выбора



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


WTA

Пресс-служба WTA мемом отреагировала на тяжёлую победу Свёнтек над Осакой



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России