COVID-19: эмдөөдөн өткөндөр он миңге жете элек
![COVID-19: эмдөөдөн өткөндөр он миңге жете элек](https://gdb.rferl.org/d7ab5a22-4810-4d6d-b238-29a849cab593_w800_h450.jpg)
Кыргызстанда 19-апрелге карата 9575 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Вакцина алгандардын басымдуу бөлүгү медицина кызматкерлери, мугалимдер, мамлекеттик жана милиция кызматкерлери.
19-апрелге карата эмдөөдөн өткөндөр Бишкек шаарында – 817, Ош шаарында – 822, Чүй облусунда 899, Ош облусунда – 3529, Ысык-Көл – 735, Талас – 117, Нарын – 545, Жалал-Абад – 1684, Баткен – 367ди түзөт.
Кыргызстан Кытайдын "SinoPharm" компаниясынын вакцинасын алган. Анда 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина 19-мартта келген жана эмдөө өткөн айдын аягында башталган.
Саламаттык сактоо министрлигинин планына ылайык, 15-апрелге чейин 75 миң адам эмдөө каралган. Министрлик кийинчерээк анын мөөнөтүн ушул айдын аягына чейин деп белгилеген.