Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июль
2021

Гаити: Президентти өлтүрүүгө байланышы барлар жок кылынды

0
Гаити: Президентти өлтүрүүгө байланышы барлар жок кылынды

Гаитинин полициясы президент Жовенель Моизди өлтүрүүгө байланышы бар төрт киши жок кылынып, эки адам кармалганын билдирди. Моизди жеке менчик резиденциясында белгисиз адамдар 7-июлга караган түнү атып кетишкен. Дүйнөнүн бир катар лидерлери Моиздин киши колдуу болушун айыптап, кол салгандарды жоопко тартууга чакырды.

Убактылуу бийликтин билдирүүсүнө ылайык президентке жогорку даярдыктан өткөн, англис же испан тилинде сүйлөгөн адамдар кол салышкан. Гаитинин улуттук полициясынын башчысы Леон Шарлз алардын айрымдары жок кылынганын билдирди.

"Биз аларга каршы күрөштү баштадык. Кол салган төрт адам жок кылынды, дагы экөө кармалды. Алар туткунга алган үч полиция кызматкери бошотулду".

Маалыматтарга караганда, кол салгандар Американын маңзатка каршы күрөшүү агенттигинин кызматкерлеринин формасын кийип алышкан. Чабуулда биринчи айым Мартин Моиз да оор жаракат алып, АКШга дарыланууга жөнөтүлгөнү кабарланды.

Моиздин өлтүрүлүшү 11 миллиондой калкы бар, экономикалык жана саясий кризис өкүм сүрүп жаткан мамлекетте мураскерлик үчүн атаандаштыкты жаратты. Гаитинин Конституциясына ылайык, президенттин милдетин аткаруу Жогорку соттун төрагасы Рене Сильвестрге жүктөлмөк. Бирок ал жакында эле коронавирустан көз жумган. Андан кийин парламент жаңы мамлекет башчыны шайламак. Бирок депутаттар кийинки шайлоо боюнча мыйзам кабыл алгыча мандаттарынын мөөнөтү аяктап, былтыр таркатылган.

Ошондуктан бийлик премьер-министрдин милдетин аткаруучу Клод Жозефке өттү. Ал өлкөнү башкарууну колго алганын билдирип, бир катар чукул чараларды жарыялады.

"Биз бирге алдыга карай багыт алабыз. Өтө узакка созулган кризистен чыккыбыз келет. Анткени мунун кедергиси калкка тийип жатат. Ал эми кылмышка буйрук бергендерге айтарым, Гаитинин улуттук полициясы силерди курчоого алды. Бул мыкаачылык жазасыз калбайт", - деди Клод Жозеф.

Ал ошондой эле, Моиздин балдары коопсуз жайларга чыгарылганын кошумчалады.

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Моиздин киши колдуу болушун айыптап, кол салгандарды жоопко тартууга чакырды. Азырынча президентти өлтүрүп кеткен топтун артында кимдер турганы айтыла элек.

Жовенель Моиз ким болгон?

53 жаштагы Жовенель Моиз дүйнөдөгү эң жакыр мамлекеттердин биринин башына 2017-жылдын февраль айында келген. Ал бийликке келгиче банан плантацияларынын ээси катары белгилүү болгон. Жогорку кызматка киришип жатып Моиз коррупцияга каршы күрөшүүнү, чет жактан көбүрөөк инвестиция тартууну, жумуш орундарын түзүүнү убада кылган. Анткен менен баары ал ойлогондой болгон жок. Оппозиция тескерисинче аны инфляциянын өсүшүнө, коррупциянын гүлдөшүнө жана экономикалык абалдын начарлашына айыптап келген. Ал эми быйыл жыл башынан бери Моиздин каршылаштары аны бийлигинин мөөнөтүн мыйзамсыз узартып, диктатура орнотууга аракет кылганы үчүн нааразылык билдиришкен. Ошондой эле, Моиз 2020-жылдан бери парламентсиз өзү түз бийлик жүргүзүп келген.

Буга чейинки кол салуу аракеттери

Ушул жылдын февраль айында Моиз Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине таасирдүү олигархтар аны жети жолу бийликтен алып түшүүгө аракет кылганын билдирген. Ошол эле айда ал президентке каршы кутум уюштурууга айыпталып жыйырмадай киши камалганын жарыялаган. Кийин Аппеляциялык сот айыпталгандарды бошотуу чечимин кабыл алган. Алардын арасында Жогорку соттун судьясы жана полициянын башкы инспектору да бар болчу.





Губернаторы России
Москва

Собянин: В Москве открылись новые выездные площадки для регистрации брака





Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о допфинансировании на модернизацию и строительство школ в регионах


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: В Москве открылись новые выездные площадки для регистрации брака



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Песня

Продвижение Музыки. Раскрутка Музыки. Продвижение Песни. Раскрутка Песни.




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Работники АО "ДиМ" приняли участие во всероссийском полумарафоне

"Спартак" обыграл "Рубин" со счетом 3:1

Прощание «Спартака» с Джикией, «Зенит» в гонке за чемпионство. Итоги игрового дня РПЛ


WTA

Потапова проиграла на старте турнира WTA-500 в Страсбурге



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Эксперт по бытовым приборам Виноградов посоветовал выбирать накопительный водонагреватель на период отключения воды



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России