Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Кумтөр: алтын маселесин депутаттык жана коомдук комиссия иликтейт

0
Кумтөр: алтын маселесин депутаттык жана коомдук комиссия иликтейт

Кумтөр кениндеги соңку жагдайды жана алтындын сатылышын иликтөө үчүн коомдук комиссия түзүлүп, анын төрагасы болуп саясатчы Азимбек Бекназаров шайланды. Мунун алдында алтын экспортун териштирүү үчүн депутаттык комиссия дагы түзүлгөн эле. Айрым эксперттер алтын сатуудагы бүдөмүк жагдайлар такталып, ынанымдуу жооп болбосо, бул маселе саясатташып кетиши ыктымалдыгын эскертишет.

Азимбек Бекназаров баштаган коомдук комиссияга Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Кубанычбек Исабеков, Рамазан Дырылдаев, экономист Гани Абдирасулов, юрист Данияр Эркинбаев, талдоочу Айданбек Акматов, Талас облусунун мурдагы башчысы, активист Айбек Бузурманкулов кирди.

Айданбек Акматов комиссия 30-сентябрда алгачкы жыйынга чогулганын, алар эң ириде Кумтөр Кыргызстандын энчисине өткөндөн кийинки абалга көңүл бурарын билдирди.

"Биринчи жыйынга чогулуп, төрагалыкка Азимбек Бекназаровду, орун басарлыкка Кубанычбек Исабековду шайладык. Рамазан Дырылдаев гана четте болгону үчүн катыша албай калды. Бирок ал комиссиянын курамына кирип, сырттан иликтөө жүргүзөт. Сырттан маалымат алууга жардам берем деп жатат. Коомдук комиссия түзүлгөнү тууралуу биринчи расмий катты жөнөттүк. Өкмөттөн расмий документтерди, маалыматтарды алып, ошонун үстүндө иштөөгө даяр экенибизди айттык. Президент өзү "комиссия түзүлсүн, оппозиция болобу, ким болсо да кирсин, көрсүн, биз буга даярбыз" деп айтпады беле. Ошол сөздүн негизинде комиссия түзүлүп, ишин баштаганы турат. Комиссия кийинки отурумунда кайсы маселелер эң ириде караларын так аныктайт. Буга чейин Кумтөргө байланыштуу айтылган сөздөрдүн калпыстыгы чыгып, коррупция болбогондой эле жылмаланып кетип баратпайбы. Ошондуктан комиссиянын айрым мүчөлөрү Кумтөрдү баштан-аяк карап чыгып, баа берүүнү сунуштады. Бирок биз азыр эң негизги көңүлдү Кыргызстан Кумтөрдү жеке башкарууга алгандан кийинки кырдаалга, ошол кезде алынган алтын кайда, канчадан сатылды, мамлекетке канча түшүп жатат деген маселеге көңүл буралы деп жатабыз".

Мунун алдында, 29-сентябрда Кыргызстандан алтынды башка мамлекеттерге чыгарып кетүүнүн чоо-жайын текшерүү үчүн Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлгөн.

Буга байланыштуу сунушту "Ата-Журт - Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Нурлан Шакиев көтөргөн.

"Кумтөрдүн алтыны коомчулукта кызуу талкуу жаратып келди. Буга байланыштуу Министрлер кабинети дагы "түшүндүрмө беребиз, алтындын граммына чейин айтабыз" деди эле. Коомчулукта алтындын сатылышы, жалпы өндүрүлүшү, биздин өлкөнүн энчисине өткөндөн берки иш-аракеттери боюнча кызыгуу көп. Мен мындан улам депутаттык комиссия түзүүнү сунуш кылам. Ага фракция лидерлери жана ар бир фракциядан бирден депутат кирсин. Бизге көп кайрылуу, каттар бар. Маселени көз жаздымда калтырбай комиссия түзүшүбүз керек", - деген Шакиев.

Депутаттык комиссиянын курамына фракция лидерлери баштаган 13 депутат кирди. Алар: Жанарбек Акаев, Адахан Мадумаров, Исхак Масалиев, Нурлан Шакиев, Нилуфар Алимжанова, Марлен Маматалиев, Балбак Түлөбаев, Надира Нарматова, Марат Мураталиев, Улугбек Ормонов, Максат Сарыбагышев, Арсланбек Малиев жана Шайлообек Атазов.

Өткөн айда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Кумтөр Голд Компани" компаниясынын мурдагы убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн камалышы тууралуу "Азаттыкка" комментарий берип жатып, коммиссия түзүүгө байланыштуу "оппозициянын сунуштарын күтүп жатканын" айткан.

Мындан көп өтпөй оппозициялык "Бириккен демократиялык кыймыл" (БДК) Кумтөр маселеси боюнча бийлик жетекчилеринин комиссия түзүү демилгесин колдоп, өз сунуштарын жарыялаган. Өкмөт бул сунуш тууралуу комментарий берген эмес.

Саясат талдоочу Марс Сариевдин пикиринде, алтындын сатылышына байланыштуу күдүк суроолорго так жана ынанымдуу жооп болбосо анын арты саясатка айланышы мүмкүн.

"Азыр Кумтөр, алтын маселеси аябай саясатташып кетти. 19 тонна алтын боюнча жооп так айтылышы керек. Болбосо азыр алтын жоголду, андай-мындай деп маселе көтөрүп жатышпайбы. Саясий оюн башталганда ушундай курч маселелер көтөрүлөт. Президент өзү алтындын ар бир граммы эсепте болорун айткан. Ошонун баары такталышы керек. Эркин комиссия баарына чекит коюшу керек. Эгер коюлбаса, саясий оюндарда желек катары пайдаланышы ыктымал".

"Центерра Голд" компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алып, ишкананын сырттан башкаруучу болуп Тенгиз Бөлтүрүк дайындалган. Аны 13-сентябрда Башкы прокуратура Кумтөрдөгү коррупцияга байланыштуу айыптап, камакка алынган.

26-августта “Азаттык” Кумтөрдөн өндүрүлгөн алтындын сатылышы боюнча макала жарыялаган. Анда расмий маалыматтарга таянуу менен Улуттук банк 2021-жылы өз резервинде сакталып турган чоң көлөмдөгү алтынды сатканы белгиленген.

Мындан көп узабай президент Садыр Жапаров кайсы убакта кайсы өлкөгө канча алтын сатылып жатканы жөнүндө маалымат ачыкталбай турганын билдирген. Ал "Кумтөр" баштаган бардык кендердин алтынын "Кыргызалтын" аркылуу Улуттук банк сатып аларын, аны чет өлкөгө алып барып, дүйнөлүк биржада сатып келип, кимден канча алтын алган болсо, акчасын кайтарып, эсептешип турарын, жылдын аягында "Кумтөрдөн" таза киреше казынага келип түшөрүн айткан.

Кийин Инстаграмдагы kg_novosti баракчасына президент Садыр Жапаровдун бир тууган агасы Сабыр Жапаровго окшош адамдын алтын куймаларды кармап түшкөн сүрөтү тарап, коомчулукта талкуу жараткан.

Президент 8-сентябрда агасы алтын иштери боюнча Түркияга барганын тастыктап, мындан чуу жаратуунун зарылдыгын көрбөй турганын айткан.





Губернаторы России
Москва

Собянин: фронтовики и труженики тыла внесли бесценный вклад в защиту Родины





Москва

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин. Главное за день



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Анастасия Волочкова

Блондинчик: жена бывшего Волочковой стала мамой во второй раз




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями

Парад победы в Москве завершился пролетом авиации

Футбольный турнир «Вызов» для студентов станет частью праздничных мероприятий ко Дню Победы


Александр Зверев

Александр Зверев раскритиковал график соревнований в туре



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Сколько стоит отдохнуть один день в Туле



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России