Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Новости за 30.10.2022

Сирия: балалуу аялдарды Кыргызстанга кайтаруу машакаты

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү ушул тушта Сирияда качкындар лагерлеринде кармалып турган кыргызстандык келиндерди балдары менен чогуу алып келгени жатат. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов менен ЮНИСЕФ уюмунун өкүлү Кристин Жольмдун 30-октябрда жолугушуусунда айтылды. Расмий маалыматка ылайык, Сирия менен Иракта атайын лагерлерде кыргызстандык 200дөй келин 400гө чукул бала-чакасы менен отурат. Былтыр расмий Бишкек "Мээрим" гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактагы качкындар лагеринен 79 баланы кайтарган. Читать дальше...

Өзбекстан: маданий мурастарды сактоодо мыйзам бузуулар аныкталды

Azattyk.org 

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Кашкадарыядагы маданий мурастарга байланышкан мыйзам бузууларды аныктады. Аталган облуста 1468 тарыхый жай бар. Прокуратура бул аймактагы маданий мурастарды коргоо жаатындагы мыйзамдардын аткарылышын иликтегенин мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Тактап айтканда, 18 маданий объектиде мыйзамсыз курулуштар жана өзүм билемдик менен оңдоп-түзөө иштери болгон. Яккабаг районундагы XII кылымга таандык Гумбаз мечитинин ички дубалдары оңдолуп, Касбин районундагы XIV кылымга... Читать дальше...

Сеулда каза болгондор арасында казак жана өзбек жарандары бар

Azattyk.org 

Түштүк Кореяда тыгында каза болгондордун арасында Казакстандын жараны бар. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлиги билдирип, сөөктү мекенине алып келүү иштери уюштурулуп жатканын маалымдады. 26 жаштагы кыз Актөбө облусунан болот, ал Түштүк Кореядагы жогорку окуу жайлардын биринде билим алып жаткан.  Өзбекстандын Түштүк Кореядагы элчилиги да каза тапкандардын арасында өзбек жараны бар экенин маалымдап, маркумдун жакындарына көңүл айтты. Маркумдун тек-жайы, ал жакта окуганы же иштегени тууралуу маалымат берилген жок. Читать дальше...



Сомалидеги жардыруу кеминде 100 кишинин өмүрүн кыйды

Azattyk.org 

Сомалинин президенти Хасан Шейх Махмуд 29-октябрда өлкөнүн баш калаасы Могадишодо эки унаа жардырылып, кеминде 100 киши каза болгонун билдирди. Жардыруу болгон жерде журналисттерге сүйлөгөн президент дагы 300гө жакын адам жараат алганын маалымдады. "Биз эл аралык өнөктөштөрүбүздөн жана дүйнө жүзүндөгү мусулмандардан дарыгерлерди бул жерге жөнөтүүнү суранабыз, анткени биз жапа чеккендерди дарыланууга өлкөнүн сыртына жөнөтө албайбыз", - деди Махмуд. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Аль-Каида” менен... Читать дальше...

Орхан Инандыны таап берүүнү убада кылган адам сотто акталды

Azattyk.org 

Кыргызстанда “Сапат” билим берүү мекемесин негиздеген Орхан Инанды дайынсыз болуп жаткан кезде аны таап берүүнү убада кылган адам Жогорку сотто акталганын 29-октябрда «Клооп» басылмасы жазды. Маалыматта айтылгандай өзүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, Инандыны таап берем деп убадалап, анын жакындарынан 50 миң доллар жана Subaru Impreza автомашинасын алган деген шек менен мурда соттолгон 28 жаштагы жаран кармалган. Кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга камалган. Читать дальше...

31-октябрдын аба ырайы

Azattyk.org 

31-октябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу болот. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолордо кар жаайт, Талас облусунда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы... Читать дальше...

Тергөө абагында отурган Бекназаров президентке кат жолдоду

Azattyk.org 

Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси, азыр Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурган Азимбек Бекназаров социалдык түйүндөр аркылуу билдирүү жарыялап, Кемпир-Абад боюнча пикирин билдирип чыккандардын эч кимиси жапырт башаламандыкка чакырбаганын айтты. "Бийлик бизди жапырт башаламандык уюштурууга даярдык көргөн деп мыйзамсыз камап отурат. Биздин саясий көз карашыбыз ар түрдүү, бирок Кемпир-Абад маселесинде бир пикирдебиз” деди Бекназаров. Ал ошондой эле президент Садыр Жапаровго кайрылып... Читать дальше...



Тажикстандан кетүүнү эңсеген этникалык кыргыздар

Azattyk.org 

Бир жума аралыгында дүйнөлүк басылмаларга чыккан макалаларга сереп. Чек аранын эки тарабында калгандар Eurasianet 26-октябрдагы макаласын чек ара жаңжалдарынан улам тарыхый мекенине каттай албай калган Тажикстандагы кыргыздарга арнаган. Маалыматка караганда, мурда алар тажик паспорту менен ээн-эркин кирип-чыгып турса, эми үчүнчү өлкөлөр аркылуу саякаттого мажбур, ага бардыгынын эле чамасы жетпейт. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда 2021-жылы жазында болгон кагылышуудан кийин чек ара жабылган.Автордун айтымында... Читать дальше...

Бизнестин көзүн тапкан жалгыз бой энелер

Azattyk.org 

Балдарын жалгыз тарбиялап, ошол эле маалда өз алдынча иш алып барган энелер Кыргызстанда арбын. "Эже-сиңдилер" бул жолу чакан бизнес менен алек болгон жалгыз бой энелерди маекке чакырды.

Мыйзамды кыргызча жазуу талабы ишке ашабы?

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев мындан ары мыйзамдар кыргыз тилинде жазылышы керек деген демилге көтөрүп чыкты. Айрым тилчилер кыргыз тилинде мыйзам жазган адистер жок экенин айтышууда. Ал арада коомчулукта айрым мыйзамдар Орусиядан көчүрүлүп келгени да кызуу талкууга түшүп жатат.  Жогорку Кеңеште иштелип чыккан мыйзам долбоорлорунун бардыгынын түп нускасы мамлекеттик тилде даярдалышы керектигин 18-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттик аппараттын бөлүм башчыларынын жыйынында айтты... Читать дальше...

ТИМ: Сеулда каза болгондор арасында кыргыз жарандары жок

Azattyk.org 

Түштүк Кореяда тыгында каза болгондор жана жараат алгандар арасында кыргыз жарандары жок экенин 30-октябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, бул тууралуу окуя катталган Йонгсан районунун полициясы кабарлады. “Азыркы кезде Кыргызстандын Корея республикасындагы элчилиги кырсыктын чоо-жайын билиш үчүн жергиликтүү тийиштүү органдар менен иштешип жатат. Элчиликте +82-10-6891-2707 (WhatsApp) ыкчам байланыш номуру иштөөдө” деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө. Читать дальше...

Иран: Укук коргоочунун өлүмү жөнүндө жазган эки журналистке айып тагылды

Azattyk.org 

Иран бийлиги каза тапкан 22 жаштагы активист Махса Амининин өлүмү тууралуу биринчилерден болуп жазып чыккан эки журналист кызды “мамлекетке чыккынчылык кылды жана Кошмо Штаттардын атайын кызматынын пайдасына иштеди” деп айыптоодо. Ирандын мыйзамдары боюнча алар өлүм жазасына тартылышы ыктымал. Буга чейин расмий Тегеран Амининин өлүмүнөн кийин өлкөдө тутанган жапырт нааразылык акцияларынын артында АКШ жана "сионисттер" турат деп билдирип келген. Журналисттер Нилуфар Хамеди менен Элаэ Мохаммадини... Читать дальше...

Сирияда калган балалуу аялдар жакында кайтып келери айтылды

Azattyk.org 

Кыргызстан Сирияда калган кыргызстандык аялдарды жана алардын балдарын жакын арада алып келгени жатканын президенттин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 28-октябрда өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов ЮНИСЕФ уюмунун өкүлү Кристин Жольмду кабыл алып, кызматташтыкты, анын ичинде ушул маселени талкуулады. “Жакынкы мезгилде Түндүк Сириядан балалуу энелерди алып келүү маселесине токтолгон Иманкулов Кыргызстан өз жарандарын репатриациялоо (мекенине кайтаруу)... Читать дальше...

Түштүк Корея: Тебелендиде жана тыгында калган 151 адам каза болду

Azattyk.org 

Түштүк Кореяда Хэллоуин күнүн белгилөөгө чогулгандар арасында пайда болгон тыгындан, соңку маалымат боюнча, кеминде 151 адам каза болду, дагы 82 адам жараат алды. Окуя 29-октябрда өлкөнүн борбор калаасы Сеулдун Итхэвон районунда болгон. Каза тапкандардын 19у чет өлкөлүктөр, алардын экөө орусиялыктар экени аныкталды. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, тыгын 100 миңдей адам чогулган окуя учурунда айрымдары кууш көчөлөрдүн бирине агылганда пайда болгон. Адамдар көчөгө батпай, биринин үстүнө бири жыгылып, тебелендиде калышкан. Читать дальше...



Москва

Улан-Удэнский ЛВРЗ подвел производственные итоги первого квартала 2024 года


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Москва взяла Гран-при премии «Умный город» за цифровизацию горхозяйства



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Тимати

Маркетолог Родочинская: новая девушка Тимати копирует Решетову ради бизнеса




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»

В Московской области прошел чемпионат Центрального округа Росгвардии по стрельбе из боевого ручного стрелкового оружия

Спортсменка из Бутово выиграла «золото» на турнирах по художественной гимнастике


WTA

Свёнтек разгромила Кырстю и вышла в 1/8 финала турнира WTA-1000 в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Весенние субботники прошли на предприятиях «Московского» филиала ООО «ЛокоТех-Сервис»



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России