Кемпир-Абад: Жабык жыйындагы ачык суроолор
20-октябрда президент Жапаров баштаган тийиштүү жетекчилер кыргыз-өзбек чек арасы боюнча кырдаалды талкуулоо үчүн жарандык активисттер, чек арага жакын айылдардан келген өкүлдөр менен жыйын өткөрүп, түшүндүрмө берди. Жыйын кызуу талкуу менен коштолуп, айрым учурда кайым айтышууга чейин жетти.