V Көчмөндөр оюндарын Казакстан өткөрөт
Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жыйынтыкталды. Төрт күн бою мелдештерге жүздөн ашык өлкөдөн үч миңдей спортчу катышты. Кыргызстандан мелдештерге 148 спортчу келип, спорттун 11 түрү боюнча ат салышты. Көчмөндөрдүн кийинки оюнунун өткөрүү милдети коңшу Казакстанга берилди.