Жогорку Кеңештин вице-спикери Улан Примов ордун тапшырды
Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов вице-спикерлик ордун бошотуу ниетин бүгүн 12-октябрда парламенттин жалпы отурумунда билдирди. Депутат бул кадамын жаңы шайланган төрага менен бир фракциядан болгону үчүн деп түшүндүрдү.
"Биз жаңы төрага менен бир фракциядан болгонубуз үчүн моралдык жоопкерчиликтен улам вице-спикерликтен кетүүнү чечтим", - деди Примов.
Айрым депутаттардын сунушу менен жаңы вице-спикерди шайлоо түштөн кийин өтө турган болду.
Улан Примов Жогорку Кеңештин 6-7-чакырылыштарындагы депутаты.
2021-жылы №11 Алай аймагынан бир мандаттуу шайлоодо утуп келген.
5-октябрда Жогорку Кеңештин спикери алмашкан.
"Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын лидери Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланып, ага чейин бул кызматты аркалап келген Талант Мамытов өз каалоосу менен кетип жатканын жарыялаган. Жогорку Кеңештин 5-октябрдагы жалпы жыйынында Талант Мамытов спикерликтен кетип жатканына "парламенттеги акыркы айрым окуялар себеп болгонун" учкай кыйыткан. (ZKo)