Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Баткен: Калыбына келтирүү иши солгун жүрүп жатканы, ички миграция күчөгөнү айтылды

0
Баткен: Калыбына келтирүү иши солгун жүрүп жатканы, ички миграция күчөгөнү айтылды

Баткенде кыргыз-тажик чек арасында болгон соңку каргашада талкаланган үйлөр жана имараттар, үй-жайын таштап чыгууга мажбур болуп, азыр ар кайсы жактарда убактылуу жашап жаткандар маселеси 12-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында көтөрүлдү.

Депутат Камила Талиева социалдык объектилерди калыбына келтирүү иши солгун жүрүп жатканын белгилеп, буга тендер өткөрүү талабы себеп экенин айтты:

“Иш солгун жүрүп жатат. Үйлөрдү куруу иши башталды. Ал эми социалдык объект болгон мектеп, бала бакча, айыл өкмөт имараты боюнча тендер баштала элек али. Кылычын кармап кыш келатат, 1,5 ай убакыт калды. Ушуну эртелетсеңиздер”.

Депутат Сейит Атамбаев өрттөлгөн, тонолгон үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн сырттан акча суроо канчалык жүйөлүү деген маселени көтөрүп, өкмөт башчы Акылбек Жапаровдон Кумтөр алтын кенинен түшүп жаткан акча боюнча маалымат алуу керектигин белгиледи:

“Акылбек Үсөнбекович декабрга чейин 426 үй даярдап беребиз деп айткан. Тышкы иштер министрлиги Катар өлкөсүнөн жана Дүйнөлүк банктан каражат сурап жатат. Эл Кумтөрдөн түшкөн пайдадан эч нерсе жокпу деп сурап жатат. Акылбек Үсөнбековчи өзү келип  маалымат берсин. Биз суроолорубузду берели”.

Депутат Чыңгыз Ажыбаев Баткенден, айрыкча Лейлектен өлкөнүн башка аймактарына көчүп кетип жаткандар көбөйгөнүн белгилеп, убактылуу башка жайларда жашоого мажбур болгондорду мамлекеттин карамагындагы мейманканаларга жайгаштырууну сунуш кылды:

“Жарадар болгон, үйү жараксыз болуп калган адамдарыбыз бар. Мамлекетибизде “Ак кеме”, Достук” мейманканалары бар. Ошол жактагы ата-апаларыбызды бала-чакасы менен бул жакка алып келип, убактылуу жашатып турсак. Эртең кышында алар кантип жашашат?”.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) 11-октябрдагы маалыматына караганда, үй-жайын таштап чыгууга мажбур болгондордун 1083ү азыр  башка аймактарда убактылуу кабыл алуучу жайларда жашап жатышат. Мындан тышкары Баткен облусунун башка аймактарында жергиликтүү тургундардын үйлөрүндө 4871 адам бар.

Жарандык коргонуу комиссиялары 661үй жабыркаганын, анын 423ү жашоого жараксыз, 238и оңдоп-түздөөгө муктаж экенин аныктап чыгышты. Ошондой эле 11 административдик, стратегиялык, 27 социалдык объект, 335 сарай, 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объект, унаа өтүүчү 1 көпүрө жабыркаган.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү да Бишкекке ушундай эле айып койду. Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 63 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Жалпысынан 136 770 адам эвакуация болгон, алардын 130 650сү үйүнө кайтты.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200 чукулу жаракат алганын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда. (RK)





Губернаторы России
Москва

В медорганизациях Москвы работают около 50 тыс. медсестер и медбратьев — Собянин





Москва

Дети из Узбекского землячества Бурятии увидели театр кукол «Ульгэр»: Россия и Культура


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Московские медики окажут помощь пострадавшим в Белгороде - Собянин



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Булат Окуджава

Урганта и Смехова исключили из концерта памяти Окуджавы: Вдова барда извинилась - в том числе, за проведение события




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Независимый фантастический триллер из девяностых

«Бавария» победила «Вольфсбург» в 500-м матче Нойера в Бундеслиге

Врио губернатора Хабаровского края назначили 1-го вице-губернатора Александра Никитина


Рафаэль Надаль

Рафаэль Надаль: Рекордный 10-кратный чемпион, побежденный в двух сетах Хубертом Гуркачем на Открытом чемпионате Италии | Теннисные новости



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России