Бишкекте "Азаттык" баштаган медиаларды жабууну талап кылган митинг болду
Бүгүн, 13-октябрда Бишкекте “Азаттык Медианын” кеңсесинин алдына 40тан ашык киши чогулуп, “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус Медиа” жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) жабылышын, бейөкмөт уюмдардын ишинин чектелишин талап кылышты.
Алар аталган медиалар туура эмес маалымат берип жатат деген пикирин билдирип, чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзам тез арада кабыл алынышы керектигин айтышты.
Акцияда өзүн Илимбек Исраилов деп тааныштырган катышуучу 2015-2017-жылдары Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болгон, 2020-жылы октябрь айында бийлик алмашкандан кийин коррупцияга барганын моюнуна алып камалып чыккан Райымбек Матраимовду колдоо акцияларына чыгып жүргөнү менен белгилүү. “Азаттык” радиосу ага чейин Матраимовдун тиешеси бар жемкорлук иштери тууралуу бир катар иликтөөлөрдү жарыялаган.
Бүгүнкү акцияда Исраилов аталган медиалардын жабылышы үчүн кол топтой турганын, кийинки келгенинде кабарчыларга күч колдонууга чейин барарын айтты.
Журналисттер акциянын катышуучуларын видеого, сүрөткө тарталы десе баары бетин жаап, эмне талап менен турганы тууралуу суроолорго жооп берүүдөн баш тартышты.
12-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев депутат Надира Нарматова "Клооп", "Азаттык" жана “Кактус Медиа” ЖМКларын жабуу тууралуу кол топтоп жатканын билдирген. Нарматова өзү бул сөздөрдү четке кагып, алар эч негизсиз экенин айтып чыккан. (RK)