Залкарлар чыйырын улаган Замирбек Үсөнбаев
Быйыл Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү төкмө акын Замирбек Үсөнбаев 70 жашка толду. Анын мааракесин утурлай республикалык деңгээлдеги бир топ иш-чаралар пландалган. Август айында эл аралык кыргыз-казак айтышы өтсө, алдыда Үсөнбаевдин чыгармаларын аткаруучулар арасында сынак өтөт. Анын байге фонду үчүн 1 млн. сом байге каралган.