Октябрда 735 миңден ашуун адамдын пенсиясы көбөйдү
Октябрь айында Кыргызстанда 735 миң 900 адамдын пенсиясы көбөйдү. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Улан Жума уулу бүгүн, 17-октябрда маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, көбөйтүлгөн пенсия үчүн жалпы 4 млрд. 424 млн. 300 миң сом зарыл болчу.
"Мунун ичинен базалык бөлүгү үчүн 3 млрд. 83 млн. сом республикалык бюджеттен, камсыздоо бөлүгү үчүн 1 млрд. 341 млн. 3 миң сом пенсиялык фонддон төлөндү",-деди Улан Жума уулу.
1-октябрдан тарта Кыргызстанда пенсия 33% көбөйгөн. Базалык бөлүгү 1780 сомдон 3170 сом болду.
Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевдин маалыматына караганда, Кыргызстанда жаш курагына байланыштуу мамлекеттен пенсия алган пенсионерлердин саны 713 миңдин айланасында. Алардан тышкары майыптыгына байланыштуу, Ооган согушунун катышуучулары, чернобылчылар жана багуучусунан ажыраганы үчүн пенсия алгандар бар. Алиевдин бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинде берген маалыматы боюнча учурда орточо пенсия 6186 сомду түзөт.
Кыргызстанда пенсионерлердин быйыл пенсия 1-октябрдан тарта 33% көбөйгөн. Базалык бөлүгү 1780 сомдон 3170 сом болду.
Бүгүн Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитети Социалдык фонддун 2021-жылкы бюджетинин аткарылышы боюнча баяндамасын угуп, жактырды.(ZKo)