Чек ара: Москва Бишкек менен Дүйшөмбүнү элдештиреби?
Орусия Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселесин чечүүдө ортомчулук кылууну сунуштады. Москва өз архивинде эки тарапта жок карталар бар экенин билдирип, аларды көтөрөрүн жар салды. Кремлдин башка жаңжалдарга арачылыгы ийгиликтүү болбогонун эске алганда Москва Бишкек менен Дүйшөмбүнү элдештире алабы? СССРдин мураскери болгон Орусияда кандай материалдар сакталып калышы мүмкүн?