Бишкек: Активисттер сурак берип, айрымдары кармалды
23-октябрда “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзгөн оппозициялык саясатчылар менен жарандык активисттердин үйүндө милиция тинтүү жүргүздү. Алардын айрымдары сурак бергенден кийин кармалды. ИИМ кылмыш иштин алкагында тергөө амалдары жүрүп жатканын билдирди.