Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Тажикстан көмүр экспорттоого тыюу салды

0
Тажикстан көмүр экспорттоого тыюу салды

Тажик бийлиги коңшу Ооганстан, Пакистан жана Өзбекстанга көмүр экспорттоого тыюу салды. Дүйшөмбү мындай чечимге "кышында ички суроо-талапты камсыздоо" себеп болгонун билдирди. Алар арада тажикстандыктар “кара алтындын” кымбаттап жатканын айтып, нааразы болушууда.

Тажикстандын Өнөр жай жана жаңы технологиялар министрлиги 17-октябрдан тарта көмүр экспортуна тыюу салынганын, бул өлкөдө көмүрдүн кымбатташына жол бербөө үчүн кабыл алынган чара экенин билдирди.

"Быйылкы жылдын жети айында Тажикстандан чет өлкөгө 308 миң тоннадан ашык көмүр экспорттолгон. Көмүрдүн ар бир тоннасы 40 доллардан 80 доллардан сатылган. Эми 17-сентябрдан тарта аны экспорттоого тыюу салынды", - деди министрликтин кызматкери Мухиддин Давлатов.

Мындай чектөөгө карабастан, Тажикстандын кендеринде көмүрдүн баасы быйыл 20% кымбаттаганы айтылууда. Учурда көмүр казуучу компанияларда "кара алтындын" сапатына жараша бир тоннасы 60 доллар деп бааланууда. Бирок ортомчулар элге кеминде 120 доллардан, эки эсе кымбат сатышууда.

Тажик аткаминери көмүрдүн кымбатташын күйүүчү майдын баасынын жогорулашы менен түшүндүрдү. Бирок жергиликтүү соодагерлер кымбатчылыктын башка да себептери бар деген ойдо.

Алардын бири Субханжон Хожиев баш калаа Дүйшөмбүнүн четинде көмүрдү мүшөктөп чекене сатат. Ал шахтыдан сатуучу жайга көмүр жеткирүү быйыл кескин кымбаттаганын айтат.

"Ар бир тонна көмүргө болгон чыгымыбыз быйыл 100 сомониге көбөйдү. Негизи эле Тажикстанда баары кымбаттады, күйүүчү май, тамак-аш, айтор, баары... Былтыр бир килограмм көмүрдү 90 дирамдан сатсак, быйыл 1,5 сомониден сатып атабыз".

Белгилей кетсек, 13-октябрда Тажикстандын мамлекеттик "Барки точик" энергохолдинги өлкөдө электр кубатына чектөө киргизилгенин расмий түрдө тастыктап, бул аргасыз чара экенин билдирген. Соңку эки аптадан бери өлкөдө маал-маалы менен электр жарыгына да чектөөлөр киргизиле баштаган.

Жергиликтүү тургундар үй жылытуу жана тамак-аш бышыруу үчүн жыл сайын көбүрөөк акча төлөп жатканын айтып нааразы. Алар Тажикстандыктар баалар айрыкча кеч күздө, өлкөдө көмүргө суроо-талап күчөгөн маалда көтөрүлөрүн айтып кейишет.

Рашт районунун тургуну Авлиё Файзуллоев быйыл суук түшкөнгө чейин көмүр сатып ала албай жатканын айтат:

"Мурунку жылдары көмүрдүн тоннасын 800 сомониден алсак, быйыл 1200 сомони деп атышат. Быйыл айласызда азыраак көмүр алып калабыз".

Көмүр дүйнөдөгү эң эски жана эң популярдуу энергетикалык ресурстардын бири жана ага болгон суроо-талап жыл сайын өсүүдө. Тажикстанда 14 жергиликтүү жана чет элдик компания көмүр казуу менен алектенет.

Тажикстанда Кыргызстандна чыккан көмүрдүн баасы быйыл эки эсе кымбаттаган. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин эки өлкө ортосунда соода-сатык токтогон.

Кыргызстанда да 17-октябрдан баштап көмүрдү экспорттоого убактылуу тыюу салынган. Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында, мындай чечим өлкөдө көмүргө болгон суроо-талап көп болгондугуна байланыштуу кабыл алынды.

Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2021-жылы Кыргызстан Тажикстанга 2 773 тонна таш көмүр, 82 823 тонна күрөң көмүр (бурый уголь) экспорттогон.

Бул жылы күрөң көмүр 2020-жылга караганда дээрлик 70% көп экспорттолгон. Кыргызстандын расмий маалыматына ылайык, 2022-жылы Тажикстанга көмүр экспорттолгон эмес.

Ал эми "Тренд" экономикалык басылмасынын Тажикстандын Бажы кызматына таянып жазганы боюнча, Тажикстан 2022-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстандан 34,5 миң тонна көмүр алган.





Губернаторы России
Москва

Московские медики окажут помощь пострадавшим в Белгороде - Собянин





Москва

Бурятский госцирк представил новое руководство: Театр и цирк, Россия и культура, дети


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин. Главное за день



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Концерт

Концерт, культура, Россия: директор Бурдрамаы награждена медалью «За заслуги перед Бурятией» в Бурятии




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

"Динамо" обыграло "Балтику", дважды забив в компенсированное время

"Зенит" в Москве обыграл ЦСКА и сравнял счет в серии

Независимый фантастический триллер из девяностых


Андрей Рублёв

Рублёв в трёх сетах обыграл Маркоса Гирона и вышел в третий круг «Мастерса» в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Биологи столицы рассказали, каких животных фотоловушки снимают чаще всего



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России