Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Казакстандагы шайлоо: Токаев жана анын атаандаштары

0
Казакстандагы шайлоо: Токаев жана анын атаандаштары

Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо өнөктүгү 21-октябрдан тарта расмий башталды. Борбордук шайлоо комиссиясы алты талапкерди каттады. Арызы кабыл алынбаган саясатчылар нааразылыгын билдирип, "мыйзамдагы бюрократиялык көрүнүштөрдү" сынга алууда.

Президенттикке ат салышчу эки айым

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы кезексиз президенттик шайлоого талапкерлерди каттоону 21-октябрда аяктады. Эң акыркылардан болуп президенттикке эки айым талапкер катталды. "Казак энелери - салтка жол" коомдук бирикмесинен Салтанат Турсынбекова жана Кесиптик социалдык кызматкерлердин улуттук альянсынан Каракат Абден каттоодон өттү.

Салтанат Турсынбаева талапкерлик күбөлүгүн алып жатып, өлкөдө таанымал киши эместигин, аны укук коргоочулар жана жаштар жакшы билерин айтты.

"Айрым аймактарда мени таанышат. Ал эми калган аймактарда менин өкүлдөрүм үгүт иштерин жүргүзүшөт. Негизи менин электоратым укук коргоочулар, аялдар жана жаштар", - деди Турсынбаева өзү тууралуу айтып жатып.

48 жаштагы Каракат Абден ушул жылдын май айында президентке караштуу Аялдар иштери жана үй-бүлөлүк-демографиялык саясат боюнча улуттук комиссиянын курамына кирген. Ага чейин Астана шаардык кеңешинин депутаты болгон. Абден 2019-жылы "Сен казак кызысың. Сыймыктан!" деген чуулгандуу китеп жазган. Анын мазмунун айрым активисттер сынга алып, китеп мамлекеттен бөлүнгөн акча басылып чыкканын айтып нааразы болушкан.

БШК буга чейин “Ауыл” партиясынан Жигули Дайрабаевге, “Аманат” кесиптик кошуундар шериктештигинен Мейрам Кажыкен менен азыркы президент Касым-Жомарт Токаевге талапкерлик күбөлүгүн тапшырган. Токаевди парламенттеги үч партиядан жана бир канча уюмдан турган “Элдик коалиция” көрсөткөн.

Улуттук социал-демократиялык партиянын лидери Нурлан Ауесбаев да акыркылардан болуп катталган талапкерлердин бири. Ал өткөн аптада соцтармактагы баракчаларынан Чымкенттеги тарапташтарына кысым болуп жатканын билдирген.

"Бут тосуулар токтосун! Мени колдоп чогултулган колдордун санын кабыл алуудан баш тартып, биздин партияга кысым көрсөтүп жатышат. Чымкенттеги өкүлүмдүн дөңгөлөгүн тешкендер кимдер? Бийликтин айтканы болбойт, мындай иштерден коркпойбуз. Артка кайтпайбыз, акырына чейин барабыз!"

Кандидат боло албай калгандар

Талапкер болууну каалаган айрым жарандардын арыздары "БШКнын талаптарына жооп берген жок" деген жүйө менен кабыл алынган жок.

Алардын бири журналист Инга Иманбай. Анын күйөөсү, каттоодон өтпөгөн Демократиялык партиянын лидери Жанболат Мамай март айынан бери камакта. Ага январь окуяларында "массалык баш аламандык уюштурган" деген айып тагылган. Ошондой эле Польшанын жараны, теги казак Балли Мажецтин (Балжан Наурызбаева) документтерин БШК кабыл албай койгон.

Алар бул аракети аркылуу азыркы мыйзам менен өлкөдөгү көпчүлүк жарандар, бозгунда жүргөн оппозициялык активисттер президент болуп шайлана албай турганына көңүл бурдургусу келгенин айтышат. 

Астанада президенттик шайлоого каршы чыккандар кармалды

Казакстанда 21-октябрдан тарта шайлоо өнөктүгү расмий башталды. Учурда бул өнөктүк нааразычылыктар жана сындар менен коштолууда. Каттоодон өтө элек айрым партиялар менен бирикмелер кезексиз шайлоону тааныбай турганын билдиришүүдө.

Оппозициячыл саясатчы, учурда чет жакта жашаган Мухтар Аблязов тарапташтары менен бирге Казакстандын шаарларында митинг өткөрүү ниетин билдиришүүдө. Ал эми алматылык активист Алнур Илияшев Токаевди быйылкы шайлоодо президенттикке талапкер катары каттаган БШКнын чечимине каршы доо-арыз менен сотко кайрылган. Сот анын арызын канааттандырган эмес.

25-октябрда Астанада президенттик шайлоону эрте өткөрүүгө каршы акция өтөрү кабарланган жерден эки киши кармалды.

“Азаттыктын” казак редакциясынын маалыматына караганда, Жеңиш проспектисиндеги гүлбактын айланасы тосулган, жер-жерлерде полиция кызматкерлери турат. Тартип коргоочулардын бири “майрамга байланыштуу эл эс алган жерди күчөтүлгөн режимде кайтарып жатышканын” айтты.

Асия Бакаева аттуу активист дүйшөмбүдөн бери үйүнүн жанында белгисиз адамдар кайтарып турганын, андыктан сыртка чыга албай жатканын айтып берди.

Митингдер 25-октябрда баш калаада жана Алматыда өткөрүлмөк. Демилгечилер – катталбаган "Алга, Казакстан!" партиясынын активисттери мөөнөтсүз президенттик шайлоону жокко чыгаруу талабын коёрун жарыялашкан.

"Оппозиция деген чоң күч жок"

Ал арада Токаев президенттикке талапкер болуп катталгандан кийин деле аймактарды кыдырып, эл менен жолугушууну улантууда. Акорда өкүлдөрү шайлоо өнөктүгү баштала электе эле азыркы президент саясий айдыңда чыныгы атаандаштыктан алыс өлкөдө кайрадан шайлоого катышарын кыйыткан. Алсак, мамлекеттик кеңешчи Ерлан Карин жергиликтүү журналисттерге берген маегинде өлкөдө реалдуу оппозиция жок экенин ачык айткан.

"Оппозиция деген чоң күч жок. Чындыгында, алардан коркуп же аларды кантип кыйгап өтүүнү ойлонуунун кереги жок. Учурда Казакстанда көп сандаган ири, уюшкан күч катары түзүлгөн оппозициялык күч жок. Тарапкерлери же альтернативдүү саясий платформасы барлар гана бар".

Казакстандагы президенттик шайлоого мамлекеттик бюджеттен 20 миллиард теңге бөлүнөрү кабарланды. Бул өткөн шайлоого салыштырмалуу эки эсе көп. БШК көзөмөлдөгөн бул каражаттын негизги бөлүгү шайлоо тилкелеринде иштей турган кызматкерлерге берилери айтылды.

20-ноябрда Казакстандын тарыхындагы жетинчи жолку президенттик шайлоо өтөт. Учурда бийликте отурган Касым-Жомарт Токаев экинчи президенттик мөөнөткө ат салышууда.

2019-жылы Нурсултан Назарбаев президенттиктен кетип, ордуна Касым-Жомарт Токаев шайланган. Ага чейин 1991, 1999, 2005, 2011 жана 2015-жылдары өткөн шайлоолордо Назарбаев жеңип чыккан.

Деген менен батыштык байкоочулар Казакстанда 1991-жылдан бери өткөн шайлоолордун бирин да эркин жана адилеттүү өттү деп тааныган эмес.





Губернаторы России
Москва

Мэр Москвы поблагодарил медсестер за профессионализм, трудолюбие и самоотдачу





Москва

Бурятский госцирк представил новое руководство: Театр и цирк, Россия и культура, дети


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Мэр Москвы поблагодарил медсестер за профессионализм, трудолюбие и самоотдачу



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Пётр Чайковский

Театр оперы и балета Удмуртии объявил о сборе средств на памятник Петру Чайковскому




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

"Динамо" обыграло "Балтику", дважды забив в компенсированное время

Независимый фантастический триллер из девяностых

Гол Чалова с пенальти принес ЦСКА победу над "Зенитом" в чемпионате России


Новак Джокович

Открытый чемпионат Италии: Новак Джокович получил сильный удар после выхода в третий раунд после Корантена Муте | Теннисные новости



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

В медорганизациях Москвы работают около 50 тыс. медсестер и медбратьев — Собянин



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России