Евробиримдик өкүлү "Азаттык" сайтынын жабылышына тынчсыздануусун билдирди
Евробиримдиктин адам укуктары боюнча атайын өкүлү Эймон Гилмор Кыргызстандагы саясатчылар менен активисттердин камалышына жана "Азаттык" сайтынын эки айга бөгөттөлүшүнө терең тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу ал Твиттерге жазды.
Гилмор Кыргызстандын бийлиги фундаменталдуу эркиндикти сыйлоо жаатында алган өз милдеттенмелерин аткырыш керек экенин эске салды.
Буга чейин бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, АКШ Мамдепартаменти, америкалык сенаторлор "Азаттык" сайтынын бөгөттөлүшүн айыптаган билдирүүлөрдү тараткан.
26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Так эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө" мыйзамды жүйө кылып "Азаттык Медиа" мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай бул кадамды эркин медианы куугунтуктоо жана кыргыз демократиясына көлөкө түшүрчү чечим деп баалады.