Тергөө абагында отурган Бекназаров президентке кат жолдоду
Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси, азыр Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурган Азимбек Бекназаров социалдык түйүндөр аркылуу билдирүү жарыялап, Кемпир-Абад боюнча пикирин билдирип чыккандардын эч кимиси жапырт башаламандыкка чакырбаганын айтты.
"Бийлик бизди жапырт башаламандык уюштурууга даярдык көргөн деп мыйзамсыз камап отурат. Биздин саясий көз карашыбыз ар түрдүү, бирок Кемпир-Абад маселесинде бир пикирдебиз” деди Бекназаров.
Ал ошондой эле президент Садыр Жапаровго кайрылып, жыйында мамлекет башчысына жана Жогорку Кеңешке мыйзам чегинде таасир этүүнүн, Кемпир-Абадды сактап калуунун жолдору тууралуу сөз болгонун, бирок баары жапырт камакка алынганын белгилеп, бийликке оппонент болбогон аялдар менен жаштарды камоо мыйзамсыз гана эмес, гумандуулукка да каршы келерин айтты. Ошону менен катар Бекназаров Жапаровду аялдарды бошотууга үндөдү.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстан тарапка өтүп кетиши ыктымал деген кооптонуусун ачык билдирип келген 20дан ашуун саясатчы, активист жана укук коргоочу азыркы кезде милициянын тергөө абактарында отурат.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Жапырт башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен 20-октябрда козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган жана далилдер жетиштүү экенин билдирген. Кармалгандар өзүлөрү күнөөсү жок экенин айтып жатышат.
Президенттик администрация мамлекет башчынын дарегине айтылган сынга комментарий бере элек. (RK)