Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Франциядагы тополоң: өспүрүмдүн өлүмү расизм көйгөйүн козгоду

0
Франциядагы тополоң: өспүрүмдүн өлүмү расизм көйгөйүн козгоду

Францияда 17 жаштагы өспүрүмдүн өлүмүнө байланыштуу тутанган башаламандык бешинчи түнү уланды. Соңку суткада өлкө боюнча 500дөй адам кармалды. Полициянын огунан каза болгон Наэлдин окуясы Францияда расалык дискриминация маселесин күн тартибине алып чыкты.

Франциянын ички иштер министри Жеральд Дарманин 2-июлдун таңында Твиттерге жазгандай бешинчи түн салыштырмалуу тынч өттү.

"Коопсуздук күчтөрүнүн чечкиндүү аракеттеринен улам түн тынчыраак өттү", - деди ал.

Министрдин айтымында, өлкө боюнча коопсуздукту сактоого 45 миңдей тартип коргоочу тартылды. Лион, Гренобль жана Марсель шаарларына кошумча күч жана техника жөнөтүлдү. Бир катар калааларга коменданттык саат киргизилди.

"Жалпысынан 10 соода борбору талкаланып, таланып-тонолду. 200дөн ашуун супермаркетке кол салынган. Алардын 15и толук күйүп кетти. Ошондой эле жүздөгөн майда-барат дүкөндөр, банктар, тез татым жана тамактануучу жайлар талкаланып, өрттөндү", - деди министр.

Коопсуздук чараларынын алкагында Францияда кечки саат 9дан кийин коомдук транспорттун кыймылы токтотулду, фейерверк сатууга тыюу салынды. Баарынан катуу кагылышуулар, талап-тоноолор Марсель шаарында катталды. Ал жакка эки эсе катаал чектөөлөр киргизилди. Коомдук транспорт, анын ичинде метро кечки алтыдан кийин токтотулду. Бардык акцияларга тыюу салынды.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон Германияга 2-июлга белгиленген сапарын жылдырды. Ал башаламандыктарга аралашкандардын үчтөн бир бөлүгү жашы жете электер экенин белгилеп, ата-энелерди жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

Юстиция министри Эрик Дюпон-Моретти 1-июлда билдиргендей, кармалгандардын 30% жашы жете электер.

Башаламандыктардын себеби

Францияда 27-июнда 17 жаштагы өспүрүм полициянын колунан каза тапкандан кийин тоз-тополоң күчөгөн. Окуя Нантер калаасында болгон.

Полициянын маалыматына караганда, автоунаа айдап бараткан Наэл аттуу улан тартип сакчыларынын талабына баш ийбей койгондуктан, атып өлтүрүлгөн. Алгач полициячылар Наэл аларды сүзүп кетүүнү көздөгөндө ушул кадамга барганын билдиришкен.

Бир катар маалымат агенттиктери жарыялаган видеодо эки полиция кызматкери автоунаанын жанында турганы жана алардын бирөө айдоочунун башына тапанча такап, "азыр сен башка ок жейсиң" деп айтып жатканын угууга болот. Машине кескин ордунан жылганда, тартип коргоочу ок чыгарган. Автоунаа бир нече метр жүрүп барып, бир нерсени сүзүп анан токтогону чагылдырылган.

Бул окуядан кийин алгач башаламандык Нантер шаарында башталып, кийин башка калааларга жайылды. Теги алжирлик Наэл менен коштошуу зыйнаты 1-июлда жергиликтүү мечитте өтүп, сөөгү өзү туулуп-өскөн шаарда жерге берилди. Le Monde басылмасы жазгандай, маркумдун үй-бүлөсү маалымат каражаттарына өспүрүмдү акыркы сапарга узатуу жөрөлгөлөрүнө катышууга уруксат берген жок.

Наэлдин өлүмүнө байланыштуу 38 жаштагы полиция кызматкери атайылап киши өлтүргөн деген айып менен камакка алынды.

Коомдогу реакциялар

Франциядагы тополоң бир катар тынчсызданууну жаратып койду. Күзүндө бул өлкөдө регби боюнча дүйнө чемпионаты, ал эми 2024-жылдын жайында Олимп оюндары өтөрү күтүлүп жаткан.

Британия жана башка Европа мамлекеттери өз жарандарына тополоң болуп жаткан райондордон оолак болууну эскертишти. Кытайдын Марсель шаарындагы консулдугу саякаттап жүргөн кытайлыктарга этият болуу тууралуу кеңеш беришти. 29-июнда кытай туристтери бараткан автобуска таш ыргытылганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазышкан.

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча башкармалыгы өспүрүмдүн өлүмү "тартип коргоо органдарындагы расалык дискриминация жана расизм көйгөйлөрүнө олуттуу карап, чечүүчү мезгил келгенин көрсөттү" деп билдирди. Франциянын Тышкы иштер министрлиги полициядагы расизм маселеси тууралуу кептер негизсиз деп дооматтарды четке какты.

Окуя боюнча нааразы пикирлерин бир катар франциялык белгилүү адамдар билдиришти.

"Франциям үчүн кейип турам. Бардык ойлорум азыр бизден эрте учуп кеткен периште Наэлдин жакындары жана достору менен",- деп жазды дүйнөдөгү атактуу футболчулардын бири Килиан Мбаппе.

 

Президенттике талапкерлеригин койгон саясатчылардын бири Жан-Люк Меланшон полицияны толук реформалоо зарыл экенин белгиледи.





Губернаторы России
Москва

Собянин: В ТиНАО в программу реновации включили 268 домов





Москва

«Лето. Москва. Шавасана» — в Москве пройдёт Международная Конференция Йога Журнала


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

В московской мэрии не планируют запрещать самокатам ездить по тротуарам



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Желдорреммаш

АО "Желдорреммаш" проводит перезагрузку корпоративного проекта поддержки новаторских инициатив работников компании




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В Нижнем Тагиле прошел десятый благотворительный забег ЕВРАЗа и городской спортивный праздник «Дай пять!»

Две бронзы выиграли забайкалки на международных соревнованиях по киокусинкай «Moscow Cup 2024»

ЦСКА и МФТИ заключил соглашение о сотрудничестве


ATP

Российский теннисист Медведев опустится на строчку в рейтинге ATP



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Променад и контрабанда: как ярославцы в Калининградской области отдыхали



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России