Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Казак бийлиги блогерлерден салык алат

0
Казак бийлиги блогерлерден салык алат

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев “Онлайн-платформалар жана онлайн-жарнак маселелери жөнүндө” мыйзамга кол койгону 10-июлда жарыяланды.

Коңшу өлкөнүн бийлиги мыйзам онлайн платформаларды жана онлайн жарнактарды жөнгө салып, блогерлер менен таасирдүү адамдар жарнамадан тапкан “көмүскө кирешесин” ачыкка чыгарып, интернеттеги контентти жөнгө салат деп ишенет.

Казакстанда жаңы мыйзамга ылайык, Маалымат жана социалдык өнүктүрүү министрлиги онлайн платформаларга мониторинг жүргүзөт.

Министрлик интернетте кандайдыр бир мазмунду же жарнаманы мыйзамсыз деп тапса, автордон беш күн ичинде “туура эмес” контентти алып салууну талап кылса болот.

Экинчи тарап ага макул болбосо, үч күн ичинде доо арыз менен кайрыла алат.

Казакстанда 100 миңден ашуун колдонуучусу бар социалдык тармактар (Instagram, Facebook, YouTube, Twitter, Telegram, Tik Tok, VK) өлкөдөгү расмий өкүлүн дайындашы керек.

Буга кошумча Интернет платформалардын интерфейсине казак тилин киргизүү жана модерациялоо пландаштырылууда. Бул тармактын алгоритмине казакча мазмунду модерациялоого мүмкүндүк берет.

Мыйзамга ылайык, онлайн платформалар казак бийлиги “ылайыксыз” деп тапкан мазмунду өчүрүүгө милдеттүү.

Интернетте жалган маалымат тараткан жөнөкөй колдонуучу 69 миң теңге, блогер же коомчулукка таанымал киши 138 миң теңге айыпка жыгылат.

Блогерлер жана салык

Жаңы мыйзамга ылайык, казакстандык интернет колдонуучулар жана укук коргоочулар мыйзамга байланыштуу өз пикирин айтып чыгышты.

Алматынын тургуну Салтанат Казыбаева Инстаграм баракчасына сергек жашоо образын даңазалап жүргөндөрдүн бири. Ал "Настоящее время" телеканалына берген интервьюсунда бардык финансылык операцияларды расмий жүргүзөрүн айткан.

"Мунун баары формалдуу болушу үчүн ар бир блогер юридикалык уюмду каттоодон өткөрүшү керек. Блогер ага даярбы? Анткени мен сыяктуу иштегендерге блогерлик негизги иш эмес. Салык жана башка төлөмдөрдү төгүү үчүн тынымсыз айланган каражаты жокторго ишкерлик баштоо, юридикалык уюм түзүү оңой эмес. Бул мыйзам блогерликти жайылтуу жана блогерлердин акча табышына кадимкидей кыйынчылык жаратат".

Бирок мажилис депутаты Ерлан Саиров мыйзам интернет-сайттардын ишин системалаштырып, соцтармактардын колдонуучуларын өлкөнүн социалдык-экономикалык жүгүртүүсүнө киргизет жана бул чөйрөнү мамлекеттик жөнгө салуунун негизин түзөт деген ойдо.

"Мыйзамдын милдети - өлкөдөгү саясий сепаратизмдин жана экстремизмдин алдын алуу, Казакстандын жарандарын куугунтуктоо, жарандарды мазактоо, социалдык тармактардагы каржы пирамидалары сыяктуу терс фактылардан коргоо", - деди Ерлан Саиров.

Бирок жаңы мыйзам блогерлер менен интернет эксперттерди чочулатууда. Казакстанда да “жалган маалымат тараткандар” үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Укук коргоочулар "бийлик активисттерди бурмаланган маалымат менен жаманатты кылып жатат" деп көп сындашат.

2022-жылы апрель айында Казакстанда Mudarabaн Capital компаниясынын иши боюнча блогерлер Мейржан Туребаев жана Мейирхан Шерниязов кармалган.

Каржы пирамидасына акча салып, алданып калган жабырлануучулар эки таанымал блогерди "алдамчыларды жарнама кылганы" үчүн жоопко тартууну талап кылган.

Алматынын Алмалы райондук соту вайнерлерди жеңил жаза менен беш жылга абакка кести. Ал эми Mudarabaн Capital компаниясынын 10 кызматкерин сегиз жылдан 17 жылга эркинен ажыратты.

Жаңы мыйзам боюнча өлкөдө “өзгөчө кырдаал” жаралса, бийлик интернетти жапырт өчүрүүгө укуктуу.

Казакстандык укук коргоочулар онлайн платформалар боюнча мыйзам долбоору эч кандай коомдук талкууга коюлбай чукул кабыл алынганын сынга алышкан. Мыйзам мамлекеттик бюджетке киреше бергенден тышкары бир катар чектөөлөрдү да камтый турганын эскертишет.

Астанадагы Юридикалык медиа борборунун директору Диана Окремова "Настоящее время" телеканалына берген комментарийинде мыйзамга кирген "жалган маалымат" түшүнүгү чечмеленбегенин белгиледи.

"Ошол эле учурда “жалган маалымат” деген сөздүн өзү такыр конкреттүү эмес. Бардык нерсе жалган маалымат болушу мүмкүн! Бул зыянсыз маалымат же коркунучтуу маалымат болушу мүмкүн. Тилекке каршы, мыйзамда кылдат талдоо жок. Чынында, бул кайда чойсоң, ошол жакка кете берчү түшүнүк", - деди.

Юристтер Казакстанда онлайн платформалар жөнүндө мыйзам кабыл алууга зарылчылык болбогонун айтышууда.

Анткени учурдагы мыйзамдар бардык жарандарды кирешесинен салык төлөөгө милдеттендирет. Жалган маалымат тараткандар үчүн жоопкерчилик Жарандык, Административдик жана Кылмыш-жаза кодекстеринде камтылган.

Кыргызстандагы жаңырык

Ушундай эле мыйзам долбоору өткөн жылы Кыргызстанда сунушталганда социалдык тармактын колдонуучулары аны кызуу талкуулаган.

“Адилет” укуктук клиникасы, “Медиа Полиси” институту жана башка бир катар уюмдар медиа-эксперттер долбоордо эл аралык нормалар бузулганын, сөз эркиндигине коркунуч тууларын эскертишкен. Мыйзам долбоорунда "интернет-басылма" деген түшүнүк камтылган. Ал портал, форум же блог, ошондой эле жеке адамдардын социалдык тармактардагы жаңылыктарды, аналитикалык, оюн-зоок жана башка материалдарды камтыган, Кыргызстандан чыгарган билдирүүлөрү айына 5 миң адамга тараган баракчаларга тиешелүү.

Кыргызстанда соңку жылдары ЖМКнын жана бейөкмөт уюмдардын ишине байланыштуу бир катар мыйзам долбоорлору жазылды. Эл аралык жана жергиликтүү медиа эксперттер бул мыйзамдар кабыл алынса, "демократия аралчасы" атка конгон Кыргызстанда сөз эркиндиги чектелерин белгилешет.

Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жылы катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары басымга дуушар болгонун белгилеген.

"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун басма сөз эркиндигинин индексинде Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашкан.





Губернаторы России
Москва

Собянин объявил о начале испытаний беспилотного трамвая в городских условиях и запуске виртуальной карты «Тройка»





Москва

С чего начинается любое заболевание?


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин объявил о начале испытаний беспилотного трамвая в городских условиях и запуске виртуальной карты «Тройка»



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Кристина Агилера

Певица Кристина Агилера в боди вышла на сцену после похудения




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В ОЭЗ «Технополис Москва» выпустили серию автомобилей для участия в чемпионате кольцевых гонок

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о развитии спорта в селах Чукотки

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге назвала главные стимулы россиян для систематических занятий физкультурой и спортом


Ролан Гаррос

В Париже стартует «Ролан Гаррос» открытый чемпионат Франции по теннису



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Авто

Правила балансировки колес автомобиля



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России