Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июль
2023

"Азаттыктын" сот иши токтотулду, Европарламенттин резолюциясы

0

Бишкек шаардык соту 12-июлдагы отурумунда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен "Азаттык Медиа" мекемесинин ортосундагы тынчтык келишимин бекитип, Ленин райондук сотунун 27-апрелдеги "Азаттыктын" ишмердигин токтотуу боюнча чечимин жокко чыгарып, соттук териштирүүнү токтотту.

"Эркин Европа/Азаттык" медиакорпорациясынын веб-сайттарында контентти сактоо боюнча жалпы эрежелер өзгөргөнүнө байланыштуу, контент узак мөөнөткө сакталбайт. Буга ылайык, доо арызга байланыштуу сөз болгон видео "Эркин Европа/Азаттык" веб-сайттарында жеткиликтүү эмес.

Тынчтык келишимин бекиткен соттун чечимине ылайык, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Санарип өнүктүрүү министрлигине "Азаттыктын" сайтынын ишин жандандыруу боюнча кат жиберет.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги да бүгүн, 12-июлда билдирүү таратып, "Азаттык Медиа" мекемеси менен соттошуулар токтогонун кабарлады.

Маданият министрлиги былтыр 26-октябрда “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө тууралуу чечим чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы - “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материал негиз болгону маалымдалган.

Мындан кийин "Азаттыктын" банктагы эсеби бөгөттөлсө, ушул жылдын январь айында Маданият министрлиги маалымат каражатынын ишмердигин токтотуу боюнча сотко арыз жазган. Бул арызды быйыл 27-апрелде Ленин райондук соту канааттандырган. "Азаттыктын" адвокаттары бул иш боюнча Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жазган.

Европарламентте "Азаттыктын" иши талкууланат

Бүгүн, 12-июлда Европарламенттин пленардык жыйынында Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына, сөз эркиндигине жана маалымат каражаттарына басым тууралуу резолюция талкуулана турганы маалым болду.

Документте “2022-жылдын январынан тарта Кыргызстанда адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин абалы кескин начарлап кеткени” белгиленет.

Европарламент кыргыз бийлигин учурда талкууланып жаткан төрт мыйзам долбоорун: “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө, “Бейөкмөт уюмдар” тууралуу мыйзамдын долбоору, “Чет өлкөлүк өкүл” жана “Балдарды зыяндуу маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамды артка кайтарууга үндөп, эгер алар кабыл алынса, өлкөдөгү адам укуктарынын абалына олуттуу кесепетин тийгизерин эскертет.

“Азаттык” радиосунун ишмердигин токтотуу аракетин эркин маалымат каражаттарына болгон цензура жана ой-пикир билдирүү эркиндигинин кооптуу бузулушу катары айыптайт.

"Азаттыктын" жабылышына кандай реакциялар болгон?

Буга чейин дагы "Азаттык" радиосу туш болгон соңку басымды АКШ, Британия, Евробиримдиктин элчиликтери жана бир катар эл аралык, жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап, бийликтин бул аракетине тынчсыздануусун билдирген.

“Чек арасыз кабарчылар” уюму (Reporters Without Borders) Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттык Медиа” мекемесин жабуу өтүнүчү менен сотко кайрылганын айыптаган. Уюмдун 24-январда сайтына жарыялган билдирүүсүндө бул "Кыргызстанда ансыз да кысымга кабылып жаткан басма сөз эркиндигине чоң тоскоолдук болору" жазылган.

Эл аралык Amnesty International (AI) уюму да Кыргызстандын бийлигин “Азаттыкты” соттун чечими менен жабуу аракетинен баш тартууга чакырган. Уюм журналисттерди жана бийликке сын айткандарды куугунтуктоону токтотууга үндөп, сөз эркиндиги сакталышы керектигин билдирген. “Азаттык” радиосунун жабылышы бир эле Жалпыга маалымдоо каражатына цензура эмес, бул өлкөдөгү сөз эркиндигине олуттуу сокку. Кыргыз бийлиги өлкөдө болуп жаткан окуяларды сын көз караш менен чагылдырууну чектеп, журналисттердин оозун жабуу үчүн дагы бир кадам жасады”, - деп айтылган билдирүүдө.

Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети (Committee to Protect Journalists - CPJ) “Азаттык Медианын” ишмердигин токтотуу тууралуу соттун чечимине тынчсыздануусун билдирген. Комитеттин Европа жана Борбор Азия боюнча программасынын координатору Гулноза Саид Кыргызстандагы ишенимдүү маалымат булактарынын бири болгон “Азаттыкты” жабуу - көз карандысыз маалымат каражаттарына коркунуч экенин айткан.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Парламенттик ассамблеясынын Демократия, адам укуктары жана гуманитардык маселелер комитети да билдирүү кылды. Бул уюм да “Азаттык” радиосун жабуу тууралуу соттун чечими өлкөдөгү көз карандысыз маалымат каражаттарына кедергисин тийгизерин эскерткен.

Европадагы кызматташтык жана коопсуздук уюмунун (ЕККУ) Парламенттик ассамблеясынын өкүлдөрү кыргыз сотунун "Азаттык Медианын" ишмердигин токтотуу чечимине тынчсыздануу билдиришкен. Демократия, адам укуктары жана гуманитардык маселелер боюнча комитетинин төрагасы, вице-төрагасы жана баяндамачысы Николоз Самхарадзе (Грузия), Фарах Карими (Нидерланд) жана Йохан Бюсер (Швеция) 27-апрелде билдирүү жасашты. Алар "Азаттыкты" жабуу - Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын эркиндигине чоң залакасын тийгизе турганын белгилешкен.

Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилиги 29-апрелде жарыяланган билдирүүсүндө элчилик “АКШ 25 жылдан бери көз каранды эмес маалыматтын ишенимдүү булагы болуп келе жаткан “Азаттыктын” иштөө мүмкүнчүлүгүн жоготушу Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун басма сөз жана сөз эркиндиги тууралуу билдирүүлөрүнө шек келтирет. Биз “Азаттыктын” ар бир арызын калыс жана кылдат карап чыгууга чакырабыз", - деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

 

Кыргызстандын өзүндөгү отуздан ашуун медиа уюм “Азаттык” радиосу болуп көрбөгөндөй кысымга дуушар болуп жатканын белгилеп, анын айланасындагы соңку абалга байланыштуу бийликке кайрылуу жолдогон. 28-апрелде жарыяланган кайрылуусунда алар “кысымды жана кылмыш куугунтугун токтотууга, сайттын ишин жандандырууга, банктык эсепке коюлган бөгөттү алып салууга” чакырышкан.





Губернаторы России
Москва

Собянин: В ТиНАО в программу реновации включили 268 домов





Москва

НАЛОГИ С ЗАРПЛАТ И НДС МОГУТ ОТМЕНИТЬ?! Государственная Дума и Правительство РФ оптимизируют налоги.


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал о рейтинге регионов по уровню развития государственно-частного партнерства



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Денис Мацуев

В Нижегородской филармонии впервые проходит Международный музыкальный фестиваль «Денис Мацуев представляет: Диалог поколений»




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге назвала главные стимулы россиян для систематических занятий физкультурой и спортом

В ОЭЗ «Технополис Москва» выпустили серию автомобилей для участия в чемпионате кольцевых гонок

В ОЭЗ «Технополис Москва» выпущена серия автомобилей для участия в чемпионате кольцевых гонок


ATP

Российский теннисист Медведев опустится на строчку в рейтинге ATP



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Почти 8 000 бесплатных посылок отправили красноярцы в зону проведения СВО



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России