Президент Садыр Жапаров Меккеде кичи ажылык зыяратын аткарды
Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров Сауд Арабиядагы жумушчу сапарынын алкагында Умра зыяратын аткарды. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына президент кыргыз делегациясынын коштоосунда кичи ажылык амалдарын аткарып жүргөн сүрөттөрүн жарыялады.
Ошондой эле президент Медина шаарында Мухаммед пайгамбардын мечитине да барып, пайгамбардын кабырын зыярат кылганы белгилүү болду.
Меккедеги Кааба жана Мединадагы пайгамбардын мечити мусулмандар үчүн эң ыйык жайлар боулп саналат.
Президент Садыр Жапаров 19-июлда Сауд Арабиянын Жидда шаарына “Борбор Азия - Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин” биринчи cаммитине барган. Саммиттен тышкары ал эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Президент Сауд Арабиянын премьер-министри, ханзаада Мухаммад ибн Салман Аль Сауд менен жолугушту. Ошондой эле Садыр Жапаров Катар мамлекетинин Эмири Тамим ибн Хамад Аль Тани, Кувейттин мураскер ханзадасы шейх Мишал Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль Сабах менен да кездешти. Мындан тышкары, Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммед бин Сулейман Аль-Жассер менен Кыргызстандагы аталган банк каржылап жаткан долбоорлордун ишин талкуулады. (ZKo)