Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Кемпир-Абад иши: абактагы төрт саясатчынын адвокаттары эл аралык уюмдарга кайрылды

0
Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектин №1 тергөө абагында жаткан оппозициялык саясатчылар Равшан Жээнбековдун, Азимбек Бекназаровдун, Жеңиш Молдокматовдун жана Кубанычбек Кадыровдун адвокаттары эл аралык уюмдарга кайрылды.


Азимбек Бекназаровдун жактоочусу Эркин Саданбеков жарыялаган кат Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыйноолорго каршы комитетине, Human Rights Watch (HRH), Amnesty International эл аралык уюмдарына жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборго жолдонгон.


Анда шектүүлөр №1 тергөө абагынын жертөлөсүнө кармалып жатканы, ал жерде аба айлануу системасы жок жана сыз экени айтылган.


Сентябрдын башында Жаза аткаруу кызматы Кемпир-Абад иши боюнча абакта отурган төрт саясатчыны №1 тергөө абагынын жертөлөсүнө которгону маалым болгон. Саясатчылар алар жайгашкан камералар суук, сыз жана санитардык абалы начар экенин билдирип, эл аралык уюмдарга, Акыйкатчы институтуна, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборго жана укук коргоочуларга кайрылышкан.


Жаза аткаруу кызматы кыйноолор тууралуу маалыматтарды четке кагып, шектүүлөр абактагы башка адамдардай эле шартта кармалып жатканын билдирген.


11-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиев Жумгал районунун Чаек айылында атайын кызматтын жаңы имаратынын ачылышында сүйлөп жатып, абак жайлардын шартына нааразылыгын билдирген саясатчыларга жооп берген. Ал түрмө мыйзам бузгандарды тарбиялоо үчүн курулганын айткан. (BTo)




 






Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России